КАРАСАЕВДИН 120 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА “ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР, ӨЧПӨС МУРАС” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
- 20.01.2021
- 0
Түрк дүйнөсүнө таанымал, заманыбыздын залкар окумуштуусу, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, кыргыз тил илимине негиз салуучулардын бири, лексиколог жана лексикограф Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата 19-январда Бишкек мамлекеттик университетинде “Өрнөктүү өмүр, өчпөс мурас” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Илимий-практикалык конференциянын негизги максаты-залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү катары көргөзүү жана окумуштуунун эмгектерин, илимий мурастарын эл арасына кеңири жайылтуу. Кезинде жалпы элди сабаттуулукка үндөп, кыргыз тилинин абдан бай экендигин далилдеп, даңазалоого бар күчүн жумшаган улуу окумуштуу-агартуучунун кыргыз эли үчүн кайталангыс кылып жазып кеткен эмгектерин бүгүнкү күндө жаш окумуштуу-изилдөөчүлөргө эң керектүү мурас катары колдонууга чакыруу жана өбөлгө түзүү, өсүп келе жаткан кийинки муунга К.Карасаевдин эмгектерин окуу менен кыргыз тилинин бай жана кыргыз эли үчүн баалуу экендигин жайылтуу.
Агартуучунун чыгармачыл жана илимий мурастарынын байлыгына анын көптөгөн эмгектери күбө. Өткөн кылымдын 20-жылдарынын аягында Кусейин Карасаев Ишеналы Арабаев менен биргеликте “Сабат ачкычы”, “Жаңылык” аттуу чоңдор үчүн алиппелерди жазган. Москва шаарында белгилүү окумуштуу Константин Юдахин менен биргеликте “Кыргыз-Орус сөздүгүн”, И.А. Батманов менен бирге “Кыргызча-орусча-кыргызча сөздүгүн” түзүүгө катышкан. Ал жаштардын сапаттуу билим алуусуна, маданий-эстетикалык табитин өстүрүүгө, руханий дүйнөсүн байытууга ыңгайлуу болгон накыл сөздөрдөн куралган бир топ эмгектерин жаратып, жалпы коомчулукка тартуулаган. “Орфографиялык сөздүк”, “Накыл сөздөр”, “Өздөштүргөн сөздөр”, “Күлкү наама”, жана “Камус наама” сыяктуу кыргыз тилиндеги көптөгөн лингвистикалык эмгектердин автору.
Иш-чаранын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Н.И. Ишекеевге жана белгилүү тилчи-окумуштууларга Хусейин Карасаев атындагы алтын медаль тапшырылды.
Мындан тышкары кыргыз тил илимине зор эмгек сиңирген бир катар көрүнүктүү окумуштууларга К.Карасаев атындагы алтын медалы, “Эл агартуунун мыктысы” аттуу төш белгилери, КРнын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын жана Бишкек мамлекеттик университетинин сыйлыктары тапшырылды.
Окумуштуунун эмгектерин даңазалоо максатында атайын китеп көргөзмөлөрү уюштурулду. Конференциянын алкагында К.Карасаевге арналган көркөм тасма көрсөтүлдү.
Конференциянын соңунда илимге, чыгармачылыкка дилгир жаш окумуштуулар, студенттер уюштурган театралдык көрсөтүү болуп, анда К.Карасаевге арналган таланттуу студенттердин ырлары, анын чыгармачылыгы тууралуу Ч.Айтматов баштаган улуу инсандардын айткандары, окумуштуунун өзүнүн учкул сөздөрү элестүү, көркөм сунушталды. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
Комментарийлер