КАРАКОЛДО КОМСОМОЛДУН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 22.10.2018
  • 0

Комсомолдун ардагерлери, активисттер В.Лениндин, Ж.Абдрахмановдун, «Жеңиш» багындагы Советтер Союзунун Баатырларынын айкелдерине гүлчамбар коюшту. Андан соң К.Жантөшев атындагы театрда иш-чара башталып, ага облус башчысы баш болгон жетекчилер катышты.

КАРАКОЛДО КОМСОМОЛДУН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чарада мурдагы комсомолдор өткөн күндөрүн, жасаган иштерин, жалындуу жаштыктарын эскеришти.

Комсомолдун ардагери Замир Мукашев Тоң районундагы Комсомолдун 50 жылдыгы атындагы совхозунда баштапкы комсомолдук уюмдун катчысы болгон күнүн эскерди. Ал 1983-1986-жылга чейин Тоң райком комсомолдук комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенип, Коммунисттик партияга өткөн. Замир Мукашев айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, легендарлуу парламенттин депутаты, «Руханият» эл аралык ассоциациянын сыйлыгынын ээси, Айыл чарба илимдеринин кандидаты. Учурда саяпкерлик менен алектенет.

  • Комсомол бул бүтүндөй тарых, бүтүндөй доор. Ошол кездеги жаштар комсомол аркылуу тарбия көрдүк. Чынын айтыш керек, кээде ошону жоктойбуз. Ал кезде комсомол бизди эл менен иштөөгө тарбиялап, бирибиз чарбага, бирибиз партиялык ишке, бирибиз өндүрүшкө кеттик. 100 жыл деген чоң мөөнөт. Албетте, бүгүнкү күн көкүрөгүбүздү козгоп жатат. Биз комсомолдук уюмдун эски мүчөлөрү бүгүн өткөн күндөрдү эстеп, кубанып турабыз, — деди ал.
  • КАРАКОЛДО КОМСОМОЛДУН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бул күнү Караколго Ленин комсомолунун 300дөй ардагери чогулган жана аталган уюмдун тарыхына арналган көргөзмө уюшулган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер