КАРА-СУУДА МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

  • 03.10.2021
  • 0

2-октябрда Кара-Суу шаарында мугалимдердин кесиптик майрамына карата агартуу ишинде каарман эмгеги менен өзгөчөлөнгөн мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды.

Бул майрамдык иш-чараны райондук билим берүү бөлүмү жана агартуу кызматкерлеринин райондук профсоюз уюму уюштуруп, салтанатка 131 мугалим,  мектеп жетекчилери, 96 бала бакчанын директорлору, дасыккан тарбиячылар, ардактуу агартуучулар чакырылды.
Сыйлангандардын арасында райондогу Топ-Терек негизги мектебинин  алдыңкы мугалими, «Кутбилим сабактын» активдүү автору Назира Шайлиева да бар.

— Мага бүгүнкү майрамдык иш-чарадан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Э.Машрапованын куттуктоосу өтө жакты. Районубуздун номур биринчи мугалиминин ар бир айыл өкмөтүнө караштуу мектеп өкүлдөрү олтурган столдорго барып, таанышып, пикир алышып, алар менен сүрөткө түшкөнү бизге, жаш педагогдорго өрнөк алчу окуя болду, — дейт келечегинен көптү үмүттөндүргөн чыгармачыл мугалим.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер