КАРА-КУЛЖАДА 61 МИЛЛИОН СОМГО КУРУЛГАН МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛДИ
- 15.11.2023
- 0
Кара-Кулжа районунун Тегерек-Саз айылында жайгашкан Б.Эркинбаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу «Кабар» малымат агенттиги маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, салтанаттуу иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев, «Ата-Журтум» Кыргызстан саясий партиясынын төрагасы Шүкүрбек Эркебаев жана жергиликтүү тургундар катышып, жаңы мектептин ачылышы менен куттукташып, окуучуларыбызды мыкты билим, татыктуу тарбия алууга чакырыктарды жасашып, билимдүү коомдуу куруу милдети баарыбыздан көз каранды экендиктерин белгилешти.
Аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Сметалык баасы 60 млн 998 миң сомду түзгөн. Куруу иштери “Улар-Транс” ЖЧК тарабынан ишке ашырылды.
Н.М. «Кут Билим«
Комментарийлер