Арча-Бешик конушунда 180 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап жатат

  • 04.08.2023
  • 0

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда 180 орундуу, 2 кабаттан турган бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, мындан сырткары дагы Ленин районундагы №26 бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу да жүрүп жатат. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу, жер төлөсү жок.

«Имаратта кийим-кече, оюн бөлмөсү, кампа, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер үчүн бөлмө, ашкана, изоляциялык бөлмө, тазалоочу шаймандарды сактоочу жай, спорт зал жана музыка бөлмөсү каралган»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда 2-кабаттын кирпичтерин төшөө жана балдар аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер