КАРА-КӨЛДӨ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

  • 01.09.2025

Энергетиктер шаарынын  Жазы-Кечүү айылында Туралы Темиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин заманбап жаңы имараты пайдаланууга берилди.

КАРА-КӨЛДӨ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Бул билим ордосу заманбап талаптарга жооп берген шарттары, кең класстары жана акыркы технологиялар менен жабдылган кабинеттер менен өзгөчөлөнөт.

— Жаңы билим жайынын курулушу — мамлекетибиздин келечек муунга жасаган камкордугунун, билим берүүгө болгон өзгөчө көңүлүнүн айкын далили. Эми жүздөгөн балдар жарык, жылуу жана ыңгайлуу мектепте билим алып, өз кыялдарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын башчысы Тилен Орозова.

КАРА-КӨЛДӨ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Мектептин ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда ачылып жаткан 101 мекемеге онлайн куттуктоо сөз сүйлөдү. Жаңы мектептин ачылыш аземинде Кара-Көл шаарынын мэри Н.Орозбаев, Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Ч.Кимсанов,  Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира, айыл аксакалы Ажыканов Томош ата, Кыргыз Республикасынын баатыры Арыков Курманбек  аталарыбыз чыгып сүйлөштү. Шаардык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук катышып, жаш муундарга ак жол каалашты.  Алар бул жаңы билим ордосу билимдүү, ыймандуу жана мекенчил жаштарды тарбиялоого кызмат кылат деген изги тилектерин билдиришти.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү