КАРА-КӨЛДӨ «БИР АДАМДАН БИР КИТЕП АКЦИЯСЫ» ӨТТҮ
- 19.02.2020
- 0
Энергетиктер шаарчасы Кара-Көлдө “14- февраль – Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнү” өзгөчө нукта, өзгөчө демде белгиленди.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиеванын демилгеси менен уюштурулган бул кызыктуу иш-чарага орто мектептердин мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары, шаардагы мекемелердин жетекчилери, ата-энелер коомчулугунун алдыңкы өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты.
— Бүгүнкү акцияга Нарын гидроэлектростанциялар ачык акционердик коомунун башкы директору М. А.Чокоев, шаардык кеңештин төрагасы Б. Кыргызалиев, Жазы-Кечүү айыл башкармалыгынын башчысы Күзөркан Таштанкулова, Кара-Көл РЭТнин башчысы Ж. Ажыканов, ДЭП-30 башчысы Табылды Кенетаев, айыл башчы С. Ниязалиев катышып, шаардагы №1, №2, №6 жана №5 мектептердин окуучуларына китеп окуп, өздөрү ала келген китептерди белекке беришти. Мугалимдер да белексиз калбады. Аларга “21- кылымдын мугалими” деген жети китептен турган китептердин топтомун тартуу кылышты. Шаардык окуу-усулдук кабинеттин аракети менен уюшулган бул иш-чара апрелге чейин улантылмакчы, — дейт Алымкан Бопоновна.
Баса, бул күнкү акция шаардын башка мектептеринде да кызуу уланды.
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын уюштуруучусу Тагаева Рахат шаардык китепканада «Окуган муун — жаркын келечек” аттуу китеп сүйүүчүлөрдүн адабий кечесин уюштурду. Чакырылган коноктор балдарга тарбиясы таасирлүү чыгармалардан үн чыгарып көркөм окуп беришти. Башталгыч класстардын, 5-класстардын окуучулары окуган чыгармаларынан көркөм айтышып, чыгармалардан үзүндү аткарышты. Окуучулар жана ата-энелер окуган чыгармалары боюнча китеп жасашып, китепканага көргөзмөгө коюшту.
“Китепкөй Кара-Көл” иш чарасынын алкагында мектептин китепкана башчысы Молдоболотова Лилия 7-8 — класстардын окуучуларынын арасында “Мен сүйгөн акын” көркөм окуу сынагын өткөрдү.
Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын башкы адистери Жолдошов Забыр менен Сатыбалдиева Нурча мектеп жамаатына “ХХI кылымдын мугалими” деген аталыштагы методикалык китептердин топтомун белек кылып, окуучуларга бул күндүн маани-мазмуну жөнүндө кеңири түшүнүк беришти.
Башталгыч класстардын окуучуларын активдүү китеп окууга тартуу максатында “Биз бирге окуйбуз” деген темадагы ата-энелердин тексттерди көркөм окуусу уюштурулду. Бул иш-чарага башталгыч класстардын класс жетекчилери, окуучулары жана ата-энелери активдүү катышты.
Ал эми Фрунзе атындагы №3 орто мектебинде китепканачы Е. Ю. Тушменцева “Кичинекейлер үчүн китептер” аттуу китеп жасоо боюнча мастер-класс өтүп, аягында балдар өз колдору менен жасаган китептерин бири-бирине тартуу кылышты.
Бул күн “Энелер мектебиндеги” окуу-сабактарында дагы белгиленди. Мугалимдер энелерге “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун негизинде үй-бүлөлүк китеп окуу ыкмаларын үйрөтүшүп, сахналаштыруу методу аркылуу энелердин, окуучулардын көркөм китепке болгон кызыгуусун ойгото алышты. Энелер балдарга ала келген китептерин тартуулашты.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер