КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП” ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

  • 12.02.2020
  • 0

Быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында  Кара- Көл  шаарындагы  сегиз  мектепте жана үч мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жергиликтүү депутаттар менен шаар бийлигинин колдоосу астында “Акылдуу мектеп” долбоору  ишке  аша баштады. 

Энергетиктер шаарчасында эмгектенген мугалимдердин арасында жаңылыкты колдогондордун саны күн санап арбып баратат. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин айтуусунда, мугалим-адистердин басымдуу бөлүгү  “Акылдуу мектеп” долбооруна  учурдун талабы катары карап, компьютердик  маалымат техникаларын өз каражаттарынын эсебинен сатып алышууда.

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП”  ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

— “Акылдуу мектепти”  өнүккөн технологиясыз, мыкты санарип мугалимсиз, Батышта өтө популярдуулукка жетишкен электрондук окутуусуз  жана  электрондук тейлөө кызматтарысыз  элестетүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн биз шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында, мугалимдерге усулдук жактан жардам берүү максатында, өткөн жылы  “Методист” сайтын түздүк. Мугалимдерибиз компьютердик сабаттуулугун  шаарыбыздагы “Элдердин достугу” окутуу борборунан жогорулатып  жатышат. Жакын арада окуу- усулдук кабинети он-лайн курстарын  уюштурмакчы.  Учурда бизде ата- энелер балдарын үйүндө олтуруп, телефонунан  көзөмөлдөй алышат. Бул да болсо жаңы долбоордун бизге берген жаңылыгы болду, — дейт Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

Арийне, шаардагы бардык билим берүү мекемелеринин  “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашыруудагы аракеттери майнаптуу экени талашсыз. Бирок бүгүнкү макалада, биз шаардагы эки мектептин бул багыттагы арымдуу аракеттерине токтоло кетүүнү эп көрдүк.

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП”  ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

Кара-Көл шаарындагы Шопоков атындагы №4  жалпы орто билим берүү мектеби 2018-жылы “Электрондук китепкана” долбооруна пилоттук мектеп катары тандалып алынып, август айында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан техникалык жабдуулар берилген. Учурда мектептин мугалимдеринин дээрлик баары өз каражаттарына  ноутбук сатып алышты.

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП”  ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

Мектепке 2019-жылдын 12-декабрында “Акылдуу мектеп” долбоорунун Edupage системасы киргизилип, мугалимдер окутулду. 2020-жылдын февраль айынан баштап, ата-энелерге  логин паролдор берилди.  Ата-энелер балдарынын баасын, сабакка катышуусун жана тапшырмасын көрүп турууга мүмкүнчүлүк алышты.

— «Акылдуу мектеп» долбоору иштей баштаганы, мугалимдер үчүн сабактарда кошумча материал катары электрондук окутуу ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылды. Биздин  мектепте окутуу ресурстары жети предмет боюнча орус жана кыргыз тилдеринде иштелип чыккан. Башталгыч класстардын мугалимдери  «Айбилимге» байма-бай кирип,  сүрөттүү  мультимедиалык материалдарды өз сабактарында кеңири пайдаланып жатышат. Мугалимдер  окуучулардын көрүү менен угуусун, сезип-туюу жана элестөөсүн өркүндөтүүчү материалдарды колдонушуп, сабактарды өтүшүүдө, — деп белгилейт мектеп директору Раткан Бердигулова.

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП”  ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

Чындыгында, электрондук жана мультимедиалык ресурстар мугалимди, окуу китебин алмаштыра албайт, бирок мектеп жетекчисинин пикиринде «Айбилим» мультимедиалык комплексиндеги билим берүүчү электрондук ресурстарды колдонуу  аркылуу мугалим өз сабагынын мазмунун тереңдетип, аны кызыктуу сабакка айланта алат.

Биз сөз кылган мектепте  мугалимдер үчүн интерактивдүү тесттердин үлгүсү иштелип чыккан, алардын жардамы аркылуу  мугалимдер тесттерди жана машыгуу-көнүгүүлөрдү түзүп, колдонушса болот. Агай-эжейлер “Билим булагы» мультимедиалык комплексин сабакка даярданууда, сабак өтүүдө кеңири пайдаланышат. Мындайча айтканда, “Билим булагы”  мектеп окуучулары жана ата-энелер үчүн да дайыма ачык.

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП”  ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

Дагы бир жаңылык, долбоордун алкагында мектептин өзүнүн жеке сайты иштейт.  Мектепте жүрүп жаткан иш-чаралар, жетишкендиктер,  жаңылыктар жана конкурстар тууралуу маалымат жалпы колдонуучуларга өз убагында жеткирилип турат.

Шаардагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында азыркы мезгилде 68 мугалим эмгектенет. Үстүбүздөгү  «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарга колдоо көрсөтүү» жылында  мектепте бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.  Жергиликтүү администрация менен шаардык кеңештин колдоосу аркылуу  мектепке видеокөзөмөл орнотулуп,  интернет менен үзгүлтүксүз туташтырылды. Мектептеги мугалимдердин дээрлик баары өз каражаттарынын эсебинен  ноутбук, аудиоаппараттарды сатып алышкан. Учурда көпчулүгү маалыматтык компьютердик технологияларды сабакта колдонуу компетенттүүлүгүнө ээ. Окуучулар мугалимдер менен бирге тесттик иштерди иштөөдө, сабак өтүүдө жаңы усулдук ыкмаларды: кахут (Kahoot), пликерс (Plickers) жана жеперди   (Jeopardy) колдонушат.

—  Мектептин мугалимдери  2015-жылдан бери “Мультисабак” сайтына  өз сабактарын   жайгаштырып келет. 16 мугалим эл аралык сертификаттарга ээ болушкан. Азыркы учурда “Акылдуу мектеп” долбоорунун алкагында  Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын  мугалимдери  Кара-Көл шаарында ачылган “Эл достугу”  эл аралык окуу борборуна,   он-лайн окутуу курстарына, “Санарип мугалим” конкурстарына активдүү катышуу менен өз билимдерин өркүндөтүүнүн үстүндө иштешүүдө, – деп айтат мектеп директору Гүлбара Кокоева.

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП”  ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

Мектепте чыгармачылык изденүү менен иштеп жаткан мугалимдердин бири – информатика мугалими Калпакбаев Мирлан. Чыгармачыл мугалим күнүмкү сабактарын жогорку деңгээлде өтүп тим болбостон, өз предмети боюнча илимий-методикалык  тажрыйбаларын жайылтуу максатында “Мультисабак» сайтына  бир нече сабактарынын иштелмелерин, «YouTube» видеоканалына  электрондук видео сабактарын жайгаштырган.

Алдыңкы педагог  2018–жылы мугалимдердин педагогикалык окуусунда “Окуучулардын билимин онлайн тестирлөө” деген темада доклад окуп, Билим  берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болгон. 2019-жылдын 17-20-июлунда Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандагы информатика мугалимдеринин экинчи республикалык слетуна катышып, Хакатон программасын  программалоо боюнча жарышта байгелүү орунду ээлеп, “Эң активдүү катышуучу» номинациясына ээ болгон.

Иштемчил мугалимдин окуучулары жыл сайын ноябрь айында  өтүүчү “Код сааты”  бүткүл дүйнөлүк он-лайн сабагына катышып,  дайыма белекке ээ болушат.

Эмки сөз мектептин дагы бир чыгармачылык менен иштеген мугалими Эльнура Чыналиева тууралуу болсун.  Азыркы тапта ал “Санарип мугалим” онлайн конкурсуна катышып жатат.

КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП”  ДОЛБООРУНУН АРЫМДУУ АРАКЕТИ

—  Мен  “Facebook”  баракчасынан  “Санарип  мугалим” республикалык  сынагынын  жобосу  менен таанышып, сынака катталдым.  Сынакка   катышкан мугалимдер өзүбүзчө  ватсап группа түзгөнбүз.  Ватсап топтон ай сайын тапшырмалар берилип,  тапшырманын жыйынтыктары айтылып турат. Башында, ноябрь айында, алтымыштан ашык мугалим катталса, азыркы учурда 24 мугалим бар.   Анткени тапшырма аткарбагандар улам четтетилип турат. Ноябрь айында  ар бир мугалимге  өз предмети боюнча  сабак өтүп, өтүлгөн сабактардан  үч минуталык   видео  жана ондон ашпаган сүрөттөрдү  “Facebook”  баракчасына жүктөө тапшырмасы берилген.  Мен өтүлгөн сабагымды “Facebook”  баракчасына жүктөп, жыйынтыгында эң  жогорку  беш упайга ээ  болдум, -деди Эльнура Чыналиева.

Сынактын экинчи тапшырмасы   “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китебин окуп чыгып,  “онлайн” аркылуу  суроолорго жооп берүү болчу. Мугалим 7-класстын 25-окуучусуна таймаш-сабак өтүп, китепти окуп чыгууга ата-энелерди да тартты. Эльнура жыйынтыгында он упайдан тогуз упайга ээ болду. Кийинки тапшырма  “Финдердей окуталы” китебин  окуп чыгуу, онлайн аркылуу суроолорго жооп берүү болчу.  Мында он упайдан  сегиз упай  топтогон.

Ноябрь-декабрь айынын жыйынтыгында 26 упайга ээ болуп, Эльнура Чыналиева облус боюнча эң көп балл топтоду. Эмки максаты —   30-апрелде жыйынтыкталчу сынакта жеңүүчү аталып, Стамбул шаарына жолдомону жеңип алуу.

— Бул сынакка катышуу менен мен өз билимимди өркүндөтө алдым. Билим берүүгө тиешеси бар көптөгөн сайттар менен иштегенге жетиштим. Санарип мугалим  окуучулар жана  ата-энелер менен  кантип иштеш керек экендигин билдим.  Таланттуу жана жөндөмдүү балдар менен иштешүүнү  үйрөндүм, — дейт санарип мугалим.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер