КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЭКОНОМИКАНЫН АТААНДАШТЫККА ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУГА ЖОЛ АЧАТ”

  • 16.05.2023
  • 0

“Жакынкы күндөрү Президенттин №99 кесиптик лицейди Президенттин алдындагы IT академиясы болуп өзгөрө турган буйругу чыгат. Академияда Кыргызстандын бардык аймагынан балдар окуйт”, — деп билдирди Каныбек Иманалиев бүгүн, 16-майда “Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аталышындагы эл аралык форумунда.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЭКОНОМИКАНЫН АТААНДАШТЫККА ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУГА ЖОЛ АЧАТ”

Аталган эл аралык форумга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, ЖКнын депутаттары Камила Талиева, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев, Эльдар Сулайманов, чет элдик коноктор жана окуу жайлардын жетекчилери, эксперттер, жумуш берүүчүлөр катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев замандын өзгөрүүсүнө, калк турмушунун керектөөсүнө жараша жумушчу адистиктерге болгон суроо-талап өсүп жатканын белгилеп, ар тараптуу жумушчу кесиптерди даярдаган кесиптик лицейлердин окуу имараттарын, техникалык базасын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Форумга келген Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, колдоого даяр экендиктерин айтышып, кесиптик билим берүү системасы өлкөнүн экономикасынын локомотиви деп белгилешти.

Кесиптик билим берүү системасындагы негизги көйгөйлөрдү, чакырыктарды талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун сунуштоо менен аны ишке ашыруу форумдун негизги максаты экендигин айтты министр Каныбек Иманалиев.

“Башталгыч кесиптик билим берүү системасы – мамлекеттин келечеги болгон жаштардын, өспүрүмдөрдүн инсан жана кесипкөй адис катары калыптанышында чечүүчү ролду ойнойт. Кесипке сапаттуу даярдоо аркылуу калктын экономикалык жактан активдүү бөлүгүнүн билим деңгээлин, шык-көндүмдөрүн жогорулатууга, ал аркылуу эмгек ресурстарынын сапатын жакшыртууга, жыйынтыгында бүтүндөй экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жол ачылат”, — деди министр.

Бөлүшүү

Комментарийлер