КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫ

  • 04.04.2024
  • 0

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫ3-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы, Кыргыз Футбол Биримдигинин президенти  Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде болуп, спортчуларды даярдыгы, шарты менен кеңири таанышты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жана колледждин кызматкерлери катышты.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫКомитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жакында эле Кыргыз Футбол Биримдигине президент болуп шайланган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Кыдыршаеваич курулуп жаткан Республикалык спорт колледжинин футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, бул жерде заманбап талаптарга жооп берген кошумча шарттарды түзүүнү убадалады.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫОшондой эле ал колледждин айланасындагы эс алуу багында көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана эски футбол аянтчасын реконструкциялоого (жүгүрүүчү аянтчаны резина менен жабуу жана керегелерди жаңылоо) көмөктөшөөрүн да кошумчалады. Республикалык спорттук колледжинин кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алууга жардам  берээрин айтты.

Мындан сырткары, эмгек жамаат машыгуу залына окуучулар батпай жаткандыгына байланыштуу, кошумча спорт комплексин куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бул өтүнүчтүн негизинде Камчыбек Ташиев колледжге кошумча грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча машыгуу залын дагы куруп берүүнү убадалады.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫАндан кийин К.Ташиев Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин жамаатына жана студенттерине кайрылып, Мекенди сүйүүгө, спорт тармагында ар дайым чоң ийгиликтерге, жеңиштерге жетишүүгө умтулууга чакырды. Ал ошондой эле КР Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен учурда спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, спортчуларды даярдоого тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге аталган спорт колледжи унутта, көз жаздымда калбасын, мамлекеттик камкордук болоорун  билдирди.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫБул окуу жай 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Н.Крупская атындагы спорт адистиги боюнча республикалык жалпы билим берүүчү жатак мектеп болуп негизделген.  Кийин Кыргызстан эгемен өлкө болгону Шералы Сыдыков атындагы Республикалык Олимпиадалык резерв окуу жайы деп аталган.  Республикалык спорт колледжинде Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан даңазалуу спортчулар Мария Кулчунова, Раатбек Санатбаев,  Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова , Айпери Медет кызы жана башкалар таалим-тарбия алышкан.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫКыргызстандын улуттук курама командаларынын резервин сапаттуу даярдоо, өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык спорттук аренада жогорку спорттук натыйжаларга жетишүү максатында Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1266-VII токтому чыгып, Республикалык спорттук колледжди жакшыртууга тапшырмалар берилген. Себеби, бул Кыргызстандын намысын коргоп жаткан  олимпиадалык резервдеги жаш спортчуларды даярдоочу өлкөдөгү жападан жалгыз окуу жай болуп саналат.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫОшондуктан былтыр Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлүп, окуу жайдын окуучуларынын тамактануусунун акчалай ченеми 500 сомго чейин көбөйтүлгөн.  Окуу жай мамлекеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүү үчүн жогорку квалификациялуу спортчуларды даярдоонун заманбап талаптарына ылайык спорттук инвентарь жана жабдууларды сатып алып, шарт түзүүгө аракеттерди көрүүдө.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер