КАЛЕМГЕРЛЕР АЛАЙДА ЖОЛУГАТ

  • 04.02.2020
  • 0

«Кутбилим Сабактын» активдүү авторлорунун келерки жыйыны Алайда өтмөкчү. Бул тууралуу маалыматты бизге “Калемгер” тобунун жетекчиси, Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими Гүлүмкан Асанкадырова билдирди.

Мугалимдердин сүйүктүү гезити, ишенимдүу жардамчысы, акыл кошчусу “Кутбилим Сабак” өткөн жылы 20 жашка толду. Усулдук гезиттин алдында чыгармачыл мугалимдердин башын бириктирген “Калемгер” тобу иштейт. Калемгерлер 2013-жылдан тарта республикабыздын бардык облустарында болуп келишти. Жер көрүп, эл таанып, чыгармачыл куржунун байытып кайтышты. Топтун курамында Лейлектен талант ээси, акын мугалим Тайир Аширбай, Оштун Кара-Суусунан Инаят Жамангулова менен Замира Атакулова, Алай районунан айылдык кеңештин төрагасы, Жогорку Кенештин Ардак грамотасынын ээси Сыдык Мамыров, Жалал-Абаддан издемчил педагог Урниса Нурбаева, Таластан дасыккан тарыхчы Акчал Атагулов, Нарындан демилгечи соцпедагог Кенжегүл Бектемирова, Сары-Өзөн Чүйдөн  башталгыч класстар мугалими Ырыс Карачева жана ондогон өз ишин сүйгөн мыкты мугалимдер, насаатчы педагогдор бар. Жакында эле топтун ардагер мүчөсү Айна Осмонова “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамына татыктуу болсо, ал эми чыгаан педагог Марьям Ирисова Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты аталды.

А.Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер