Кадырлуу мугалимге уулунун өзгөчө белеги
- 03.10.2026
- 0
Бишкектеги таанымал педагог, билим берүү тармагына 45 жылдан бери талыкпай иштеп келаткан Дамира Жумабаева үчүн быйылкы Мугалимдер күнү өзгөчө мааниге ээ болду.
Дамира Жумабаева көп жылдар бою жаш муунга билим жана тарбия берип, педагогикалык эмгеги менен кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болуп келди. Анын 45 жылдык эмгек жолу — мугалимдик кесипке берилгендиктин, жоопкерчиликтин жана балдардын келечегине болгон ишенимдин жаркын үлгүсү.
Мугалимдин эмгегинин чыныгы баасы анын окуучуларынын жетишкендиктеринен, кесиптештеринин сый-урматынан жана үй-бүлөсүнүн мамилесинен көрүнөт. Дамира Жумабаеванын уулу Улукбектин апасына жолдогон куттуктоосу да дал ушундай терең сый-урматтын белгиси.
«Ардактуу апабыз Дамира Барпиевна Жумабаеваны Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз! Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы 45 жылдык ак эмгеги үчүн эбегейсиз чоң рахмат», — деп жазган ал.
Уулу муну менен эле чектелбестен, апасына болгон ыраазычылыгын өзгөчө белек менен билдирген. «Терең урматтообуздун жана сүйүүбүздүн белгиси катары, уулуңуз Улукбек сизге Стамбул жана Анкарага саякат тартуулайт», — деген жылуу саптар эненин кесибине болгон үй-бүлөлүк сыйдын канчалык бийик экенин көрсөтүп турат.
Кээде мугалимге берилген эң чоң баа — сыйлык же наам эмес, анын жылдар бою кылган эмгегин баалаган жакындарынын «рахмат, апа!» деген сөзү. Дамира Жумабаеванын көп жылдык эмгегине арналган бул белек — мугалимдик кесиптин үй-бүлө үчүн да канчалык кадырлуу экенинин өзгөчө бир мисалы.
Дамира Жумабаева белгилүү окумуштуу-педагог, Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери. «Кут Билим» гезити менен дагы активдүү кызматташтыкта болуп келатат. Анын педагогикалык жана усулдук багыттагы бир катар макала-маектери мугалимдердин газетасына жарыяланган.
К.А. «КБ»