КАБИНЕТКЕ  МУГАЛИМДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 13.12.2022
  • 0

Кочкор районундагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин информатика кабинетине Сыдыгалиев Туратбектин ысымы берилип, кабинет  талапка ылайык жасалгаланды.

КАБИНЕТКЕ  МУГАЛИМДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Мектептерде кабинеттерди жасалгалоо мамлекет тарабынан колдоого алынбагандыгына байланыштуу мугалимдер өзүлөрү же демөөрчү аркылуу жасалгалап келишет. Мезгилдин талабына ылайык заманбап жасалгаланган кабинеттер жылдан жылга колго алынып жатат.

КАБИНЕТКЕ  МУГАЛИМДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

КАБИНЕТКЕ  МУГАЛИМДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Кабинеттин ачылыш аземине Эпкин айылынын аксакал тургундары  Ташыбеков Зарыпбек, Зарлыкова Азим, Буржуев Муктар жана мектеп жамааты, ошондой эле Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгулов Турсунбек  катышты. Ачылышында мектептин директору Арпачиева Рахат келген коноктордун баардыгы өз куттуктоо  сөздөрүн сүйлөдү. Сыдыгалиев Туратбекке мектепке колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  ыраазычылык каты тапшырылды. Сыдыгалиев Туратбек аксакалдын Таалайбек, Зарема, Бакыт, Махабат, Улан сыяктуу уул-кыздары мектепке ыраазычылыктарын айтып, жыл сайын стипендия берилээрине токтолуп, Чыңгыз Айтматовдун томдук китептерин белекке беришти.  Кабинеттин ачылышына катышкан айылдаштар мындан ары да мектепке ар тараптуу колдоо көрсөтүшөөрүн билдиришти.

Дайырбек АЙДАРБЕКОВ, Кочкор району

Бөлүшүү

Комментарийлер