КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ЖАНА ВАЛИДАЦИЯЛОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 02.10.2024
  • 0

Бүгүн, 2-октябрда, Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин базасында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылды.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтар Баймурзаев, Азия өнүктүрүү банкынын директору Жэң Ву, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, өнөктөштөр жана лицейлердин директорлору катышты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Валидациялоо жана сертификациялоо борбору эч кандай билим албай туруп, өз алдынча кесипти өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, алардын эмгек рыногунда ордун табышына чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда ачылып жаткан ишканаларга бир гана сертификаты бар жумушчулар кабыл алынарын, министрликтер менен бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Статистикага ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 2 млн 700 миң экономикалык жактан активдүү жаран бар болсо, тилекке каршы, алардын 44% гана формалдуу профессионалдык билимге ээ. Бул маселени чечүү жолдорунун бири – Көз карандысыз сертификация жана валидация процедурасынан өткөрүү болуп эсептелинет.

Бул программанын ишке ашышына жакындан жардам берген негизги өнөктөшү Азия өнүктүрүү банкы. Анын директору Жэң Ву экономиканын өсүшү менен адистерге болгон талап дагы өсүп жатканын белгилеп, бул борбордун ачылышы заман талабына шайкеш келүүдө деди.
“Бул жаатта министрлик жасап жаткан иштер жакшы ийгиликтерге жетти. Кесиптик билим берүүнүн сапаты өстү. Программанын алкагында 34 лицей, 7500дөн ашык окуучу окуп, 1500 мугалим чеберчилигин жогорулатты”, – деди директор.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы №431 токтомунун негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору түзүлгөн.

Борборго негизги кесиптик билими жок, бирок турмуштук тажрыйба аркылуу көндүмдөргө ээ болгон, кайсы бир формалдуу эмес билим берүү курстарын аяктаган адамдар кайрылып, расмий документке ээ боло алышат. Борбор баалоо, сертификация өткөрүүдөгү бардык процессти жөнгө салып, кызыкдар тараптар (жумуш берүүчүлөр, бизнес ассоциациялар, Соода-өнөр жай палатасы, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги ж.б.) менен тыгыз байланышты камсыз кылат.

Талапкерлер сегиз: электр жабдууларын оңдоо боюнча электромонтёр, жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор, шыбакчы, слесарь-сантехник, жыгач уста жана эмерек өндүрүшүнүн мастери, автоунааларды оңдоо боюнча слесарь, бычмачы, тигүүчү адистиктери боюнча көндүмдөрүн тастыктай алат.

Буга чейин Бишкекте Курулуш, архитектура жана менеджмент, Токмок жана Жалал-Абад, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык, Нарын агрардык-экономикалык, Ош индустриалдык-педагогикалык, Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледждеринин жана Бишкек шаарындагы №10, №3, №17 кесиптик лицейлердин базасында Көз карандысыз сертификация жана валидациялоо борборлору ачылган.

2023-жылдын 15-ноябрынан баштап жалпы 149 кандидат өтүнмө арыз жиберип, анын 134 валидациялоодон ийгиликтүү өттү. Алардын ичинде 22 тигүүчү, 15 шыбакчы, 42 слесарь, 15 жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор, 10 горничная, 23 тигүүчү жана жети ашпозчу бар.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер