КӨУДА «БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ» АТТУУ КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 20.06.2020
  • 0

«2020-жыл — Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» жана «1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата жарыяланган Кыргыз-Өзбек университетинин түзүмдөрү аралык «Балдар биздин келечегибиз» аттуу кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты.

КӨУДА «БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ» АТТУУ КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ар улуттун балдарынын ортосунда достук, ынтымактык жана тилектештик мамилелерин бекемдөө, балдардын бош убактыларын максаттуу пайдалануу максатында уюштурулган кароо-сынакка университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын балдары жана Оштогу көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын атайын мектеп интернатынын окуучулары катышты.

КӨУДА «БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ» АТТУУ КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Сынак «Балдар биздин келечегибиз» аттуу көркөм окуу, «Бал тилдүү балалык» аттуу балдар темасындагы обондуу ырларды аткаруу жана «Атам, апам жана мен» аттуу үй-бүлөлүк бий өнөрүн көрсөтү шартында өткөрүлүп, балдардын аткаруу чеберчилигине, үнүнүн тазалыгына, кыймыл-аракетине, талантына, формаларына ж.б. көңүл бурулду.

Калыстар тобу кароо-сынактын бардык шарттарын үчтөн бешке чейинки упайлык баа менен баалап, жеңичүүлөрдү аныкташты.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн КӨУнун ректору Райымбаев Чаткалбай кабыл алып, университет тарабынан даярдалган диплом, сыйлыктарын тапшырып, жаш жеткинчектерге, ата-энелерге каалоо-тилектерин жолдоду. Андан сырткары окуу жайдын Бириккен профсоюз уюмунун белектери менен сыйланышты. Ошондой эле Кыргыз-Өзбек университетинде эмгектенген көп балалуу ата-энелерге атайын майрамдык баштыкчалар берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер