К.ТЫНЫСТАНОВ АТЫНДАГЫ ЫМУНУН ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, БИЛИМ БЕРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ КЕНЕН

  • 11.06.2018
  • 1

Ажайып көл аймагында илим, билимдин жана маданияттын борборуна айланган К.Тыныстанов атындагы ЫМУда көптөгөн ийгиликтүү иштер болуп жаткандыгынан коомчулук кабардар. Окуу жайдагы ийгиликтер жана келечектеги пландар тууралуу окуу жайдын ректору Абдылдаев Курманбек менен аңгемелештик. 

  • Курманбек  Кыянович,  сиз жетектеген  окуу  жайда  көптөгөн ийгиликтер  болуп  жаткандыгынан  кабардарбыз.  Буюрса  дейли, алдыда дагы кандай максаттар бар?

— Окуу жайыбыздын өнүгүүсүнө тиешелүү  максаттар  боюнча  бардык  багытта  иш  божомолдор  бар. Кыскача  айтсам,  окуу  иштери  боюнча  инновациялык  усулдарды пайдалануу  жана  интерактивдүү окутуу  процессин  заман  талабына ылайык  жүргүзүү.  Ал  эми  тарбия иштери боюнча студенттердин маданий интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү.  Чарба  иштери  боюнча жаңы  информациялык  технологияларды  пайдаланууга  шарт  түзүү. Эл  аралык  байланыш  боюнча  чет өлкөлүк  өнөктөштөр  менен  студенттер  жана  окутуучулар  үчүн пайдалуу  иштерди  жүргүзүү.  Жогоруда айтылган ар бир тармак боюнча буга чейин бир топ жемиштүү иштер  жүргүзүлүп, ийгиликтер  жаралууда.

 Билим берүү – жаштардын келечегине  жол   эмеспи, сиздердин окуу жайда окуу процесси кандай багытта жүрүүдө?

— Бул багытта учурдун талабына ылайык бир катар маанилүү иштер жүрүп жатат. Университетибиз эки баскычтуу билим берүү системасына өткөн. Болон процессинин талаптарына  ылайык окутуучулар менен  студенттер  үчүн  байма-бай  конференция,  семинарлар өткөрүлүп,  окутуунун  кредиттик  — ECTS  системасы,  билим  берүүнүн сапатын  жогорулатуу  боюнча  тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. Окуу процессин жакшыртуу, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн заманбап технологиялар колдонулууда. Жалпы жамаатыбыздын талыкпаган  эмгегинин натыйжасында түрдүү  тармактар  боюнча  жогорку квалификациялуу,  замандын  талабына  жооп  берген  адистер  даярдалууда.  Университетибиздин базасында  көптөгөн  эл  аралык, республикалык   масштабда  илимий-практикалык  конференциялар,  семинарлар,  тегерек столдор байма-бай  уюштурулуп,  өткөрүлүп турат.  Акыркы  беш  жылдын  ичинде  университетибизде  14  эл  аралык,  18  республикалык  конференция,  элүүдөн  ашык  семинар, тегерек  столдор уюштурулду. Аларда  окулган  илимий  макалалардын  көпчүлүгү  Жогорку  аттестациялык комиссиянын тизмесине киргизилген  “Вестник  Иссык-Кульского   университета”  жана Бишкек  гуманитардык  университети  менен  биргеликте  чыгарып  жаткан  “Кыргыз тили  жана адабияты”  журналдарына,  ошондой  эле  эл аралык илимий журналдарга чыгарылууда.

—  Чындыгында  окуу жайыңар  борбордон  алыс жайгашкан  эмеспи,  бирок ошого  карабастан  эл  аралык  байланыш  чыңдалып жаткандыгын  байкоого  болот.

— Аймактык окуу жай болсок да, заман талабына ылайык  эл  аралык  байланыштар боюнча ишмердүүлүгүбүз жогорку  деңгээлде.  Университеттин  гранттар  менен  иш  алып баруусу  жакшы  жолго  коюлуп, долбоорлордун  негизинде  акыркы  жылдары  ERASMUS  MUNDUS, ITEC, DAAD ж.б. программалардын негизинде  ондогон  окутуучулар, жүздөгөн студенттер чет мамлекеттерден  билимдерин  тереңдетип, тажрыйба алмашып келишүүдө.

Бүгүнкү  күндө  ТЕМПУС  –  жогорку билим берүүнү модернизациялоо программасы боюнча жети эл аралык  долбоор,  Эрасмус  Мундус долбоору боюнча эки долбоор жана Норвегиянын  билим берүү  агенттигинин  эки  долбоору,  Меvlana долбоору  боюнча  эки  протокол, Эл  аралык  илимий техникалык борбордун  бир  долбоору  иштеп жатат.  Андан  сырткары  Конфуций борборун колдоо  боюнча  Конфуций  институтунун  бир  долбоору, Араб борборунун өнүгүүсү боюнча бир  долбоор  иштейт.  Өткөн  жылдан  тартып  Темпус  жана  Эрасмус Мундус  программалары Эрасмус+ деген  программага  өтүүсү  менен жаңы  долбоор  жазуу  этабы  башталып,  өз  жемишин  берип  жатат. Жакында  эле  долбоорлор  боюнча  Япония  элчилигинин  өкүлдөрү жана голландиялык өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү  жүргүздүк.  Жыл сайын  окутуучуларыбыз  жана  студенттерибиз  чет  өлкөлөргө  барып билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба алмашып келип жатышат.

—  Сиздерде  сырттан  окуу  же дистанттык окутуу кандай жолго коюлуп жатат?

—  Окуу  жайыбыздан  сырттан окуган  студенттерге  Yзгүлтүксүз билим  берүү  борбору  билим  берет. Yзгүлтүксүз билим берүү борбору  Пржевальск  мамлекеттик педагогикалык  институтунда  1967-жылы  ачылган  сырттан  окутуу бөлүмүнүн  базасында  уюштурулуп,  бүгүнкү  күнгө  чейин  көптөгөн бүтүрүүчүлөрдү өз уясынан учуруп келүүдө.  2011-2012-окуу  жылынан баштап  ЫМУнун  Окумуштуулар Кеңешинин  чечими  менен  сырттан  окутуу  формасы  «Yзгүлтүксүз билим  берүү  борбору»  болуп кайрадан   уюштурулган.  Бүгүнкү күндө  Yзгүлтүксүз  билим  берүү борбору 20 адистик боюнча жогорку   билимдүү  кадрларды  даярдап чыгарууда.  Учурда  борбордо  эки миңге  жакын  студент  билим  алууда.

—  Билим  менен  тарбия  эриш-аркак жүрүшү керек эмеспи, окуу жайда тарбия иштери кандай?

—  “Окутуунун  бир  канаты тарбия”  дегендей,  тарбия  иштерин  жүргүзүү  үчүн  бардык мүмкүнчүлүктөрдү  колдонуп  жатабыз.  Студенттерибиз  интеллектуалдык билим деңгээлин республикалык ар кандай кароо-сынактарга катышуу  менен  көргөзүп  келишет. Кийинки учурларда  ЫМУнун  дебат  клубу  республикалык  “Акыл таймаш”  жана  Кыргызстандагы ЖОЖдор  аралык  өткөзүлгөн  «Жетинин  бири»  интеллектуалдык  телетаймаштарга катышып, байгелүү орундарды  жеңип  келишүүдө.  Кээ бир  бүтүрүүчүлөрүбүз  жана  учурда окуп жаткан студенттерибиз КР Өкмөтүнүн  атайын  сыйлыктарын алышты.  Ошондой  эле  Айсаракунова  Мээрим,  Сатыбалдиева Каухар,  Төлөнов  Азат  сыяктуу жигердүү  студенттерибиз  КР  Пре-зидентинин  стипендиясына  татыктуу  болушту.  Келечекте  жогорку деңгээлдеги  илимге  жетишүү  үчүн студенттерди  илимге  тартуу,  кызыктыруу үчүн университетибизде жаш окумуштуулардын семинарлары  уюштурулууда.  Студенттердин арасында  олимпиадаларды,  сту-денттик  конференциялары,  илимий  кружокторду  жана  башкаларды  уюштурууга  өзгөчө  көңүл бурулууда. Буюрса, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына  карата  тарбиялык  иш-чаралар өткөрүлүп, дилбаяндар жазылууда. Студенттик  уюмдун  мүчөлөрү  да бир катар заман талабына ылайык идеяларды ишке ашырууда.

—  Спорт  боюнча  кандай жаңылыктарыңар бар?

—  Студенттерибиз  маданий-массалык  спорттук  мелдештерге жигердүү  катышып,  чет  өлкөлөргө барышып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болушууда. Акыркы жылдары жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн универсиадага дене тарбия  жана  аны  окутуунун  усулу кафедрасынын окутуучулары жана студенттери жигердүү катышышып, жалпы  жыйынтыгында  биринчи орунду  ээлешип,  атайын  кубоктор жана грамоталар, акчалай сыйлыктын сертификаты менен сыйланышып,  окуу  жайыбыздын  желегин желбиретишти. Окуу  жайыбызда  Б.Сабатаров, С.Аматов,  Т.Кулчунов, Е.Проскуракова,  Е.Исакова  сыяктуу эл аралык класстагы машыктыруучулар, ондогон спорттун чеберлери  эмгектенет.  Алардан  тарбия алган Абдумомунов Айбек, Сулайманбек  уулу  Акжол,  Аблашымов Алтынбек,  Балан  Руслан  сыяктуу студенттерибиз бир нече жолку эл аралык жана өлкөбүздөгү мелдештердин  чемпиону,  спорттун  чеберлери болушту.

—  Чарба  иштери  кандай жүрүүдө?

—  Акыркы  жылдардагы  оңдоп-түзөө  иштеринин  сапаттуу жүргүзүлүшү,  аудиториялардын жана  бөлмөлөрдүн   заманбап шарттар  менен  камсыздалышы окутуучулар жана студенттер үчүн ыңгайлуу  шарт  түздү.  Университеттин  борбордук  корпусунун, жатакананын,  «Толкун»  маданий-эстетикалык  борборунун  айланасы  корулуп,   жагымдуу  жагдайлар түзүлдү.  Окуу  жайыбыздын  жатаканасы  заманбап  ремонттон  өтүп, бөлмөлөрдүн  дээрлик  бардыгында  студенттер  үчүн  жакшы  шарт түзүлгөн.  Жатакананын  окуу  залы жасалгаланып,  студенттердин  гигиенасын  кароочу  шарттар  жөнгө салынган.  Жатаканабызда  студенттер үчүн атайын медициналык пункт  иштеп,  жогорку  квалификациялуу  врач  адистер  даарылоо процессин жүргүзүшөт. Окуу  жайыбыздын  75  жылдыгына  карата  студенттердин  ден соолугун чыңдоо, спорттук жетишкендиктерди бышыктоо үчүн спорт ордосу  курулуп  ишке  берилген. Ошол эле мааракеде ачылган окуу жайыбыздын  тарых  музейинин экспонаттары толукталууда. Акыркы  жылдары  интернет  класстары менен  бирге  жаңы  техникалык  каражаттар  менен  жабдылган  адистештирилген  аудиторияларды көбөйттүк.   Буюрса,  убакыт  өткөн сайын  жалпы  жамаатыбыздын кошкон  салымдары  биригип,  окуу жайыбыз бардык тармактар боюнча  өсүп-өнүгүү  жолунда  бара  жатат.

 

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ атындагы ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 2018-2019-ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

К.ТЫНЫСТАНОВ АТЫНДАГЫ ЫМУНУН ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, БИЛИМ БЕРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ КЕНЕН

Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Кымбаттуу абитуриенттер!

Сиздерге келечек үчүн кам көрүп, адистик тандоо учурунда ийгилик жана ак жол каалайм. Мындан он кылым мурун жашап өткөн улуу инсан Жусуп Баласагын:  «Жеткирди  миң-миңдеген  ачылышка,  Сага  даңк,  илим күчү  —  урмат  сага!»,  —  деп  бекер  жеринен  айтпаган  чыгаар. Анын сыңарындай, адистик алуу үчүн илим-билимге умтулуу ар бир адамдын ыйык парзы эмеспи. «Ар бир кесип ардактуу» дегендей, элдин керегине жарап, коомдо өз ордуңарды таап,  бактылуу  жашоо  үчүн  өз  көңүлүңүздөргө  жаккан  кесипти тандап, турмуштагы жолуңар шыдыр болсун.

Касиеттүү  Ысык-Көл  кылаасында  жайгашкан,  77  жылдан ашык бай тарыхы бар Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл  мамлекеттик  университетине  тапшырып,  татыктуу билим алгыла.

Сиздерди урматтоо менен К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору

Абдылдаев Курманбек Кыянович

 

Ысык-Көл  мамлекеттик  университети  –  областтагы  тарыхы  терең,  билим  берүү мүмкүнчүлүгү кенен жогорку  окуу жай. Университеттин курамына жети факультет, бир борбор, бир колледж, бир техникум кирет. Алар:

  1. Экономика факультети;
  2. Кыргыз филология,  педагогика  жана  искусство факультети;
  3. Математика жана информациялык технологиялар факультети;
  4. Физика-техникалык факультет;
  5. Табият таануу,  экология  жана  дене  тарбия  факультети;
  6. Тарых жана туризм факультети;
  7. Орус филологиясы жана чет тилдер факультети;
  8. Үзгүлтүксүз билим берүү борбору;
  9. Техника-экономикалык колледж
  10. К.Каракеев атындагы Ысык-Көл айыл-чарба техникуму

Университет  23  багыттын  48  профили   боюнча  бакалаврларды  жана  ошондой  эле  беш  багыт,  жети профиль  боюнча  магистрлерди  даярдайт.  Окуу процессин 22 кафедра жүргүзүп, жалпысынан 80ден ашык илимдин доктору, профессорлор, кандидаттар эмгектенет. Билим  берүү  алты  окуу  корпусунда  жүргүзүлүп,  аларда 89  окуу  аудиториясы,  51  окуу-методикалык  кабинет,  16 лекциялык зал, 24 компьютердик жана мультимедиалык класс,  19  лаборатория,  16  тематикалык  борбор  жана E-learning  студиясы  бар.  Илимий  китепканасы  аймактагы эле эмес республикадагы эң бай китепкана болуп эсептелет. Анын окуу, илимий, илимий-методикалык жана сурап билүү адабияттарынын фонду 446473  экземплярдан  ашуун.  Мындан  тышкары, окуу жайыбыз талапка ылайык деңгээлдеги материалдык-техникалык базага ээ.

Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт

Окууда  жана  коомдук  иштерде  мыкты көрсөткүчтөргө  ээ  болгон  студенттерге Президенттин,  губернатордун,  ректордун  жана  бириккен  профсоюздар  комитетинин  стипендиялары  ыйгарылат.  Муктаж  болгон  студенттер жатакана  менен  камсыз  болот.  ЫМУнун  Окумуштуулар  кеңешинин  токтомуна  ылайык,  томолой  жетим жана  I,  II  топтогу  майып   студенттерге  жатаканада акысыз  жашоого  мүмкүнчүлүктөр  түзүлгөн.  Англис, орус  тилдерин  тереңдетип  окутуу  боюнча  окуу  курстары  бар.  Бардык  студенттер  Интернет  менен  иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Студенттер эл аралык конференцияларга, көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга, олимпиадаларга, мелдештерге жигердүү катышышат.

Студенттердин бош убактысын максаттуу пайдаланууну уюштуруу үчүн «Толкун» маданий-эстетикалык борбору иштейт. Анда студенттик «Жалын» театры, комузчулар ансамбли,  бий,  акындык  өнөр,  гитаристтердин,  вокалдык жана эстрада музыкаларынын студиялары, КВН, дебат жана этикет боюнча ийримдери иш алып барат. Мындан сырткары, футбол, тогуз коргоол, баскетбол, дзю-до, эркин күрөш, жеңил атлетика, шахмат, волейбол, бокс, теннис ж.б. спорттук секцияларда машыгуулар жүргүзүлүп, мелдештер өткөрүлүп турат.

Спорттук зал фитнестик машыгуу үчүн заманбап жабдуулары менен жабдылган.

 

Студенттик  союз  студенттердин  өзүн-өзү башкаруу органы болуу менен, юридикалык тарап катары өзүнүн Уставына ээ. Университетте Туристтик маалымат, Мамлекеттик тил, «Конфуций» кытай тили, Кыргыз-араб маданий, Орус тилин окутуу борборлору ийгиликтүү иштеп жатат. ЫМУнун  студенттеринде  эл  аралык  академиялык  мобилдүүлүк  программаларына  катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. ТЕМПУС жана Эрасмус + долбоорлору боюнча республикада алдыңкы орунду ээлейт. ЫМУ 80ден ашык келишимдер менен иш алып барат.  2015-жылы  Евразия  университеттеринин  союзуна кирген Россиянын 21 ЖОЖу менен кызматташуу келишимине кол койгон. Келишимдин негизинде Курск  шаарындагы  Түштүк-Батыш  мамлекеттик  университети, КалмМУ (Элиста шаары) менен бирдикте бакалаврларды,  магистранттарды,  аспиранттарды жана докторанттарды биргелешип даярдоо жана кош дипломдуулук макулдашылды.

Абитуриенттерди  кабыл  алуу төмөндөгү  бакалавр  багыттары  боюнча  жүргүзүлөт  (окуу мөөнөтү — 4 жыл):

күндүзгү  бөлүмү  боюнча:  (бюджет,  контракт)

520800  –  Жаратылышты  колдонуу жана экология

  • Жаратылышты колдонуу  жана  экология (контракт)

550100  –  Табигый-илимий  билим берүү

  • Химия (бюджет, контракт)
  • Биология (бюджет, контракт)
  • География (бюджет, контракт)

550200  –  Физика-математикалык  билим берүү

  • Математика (бюджет, контракт)
  • Информатика (контракт)
  • Физика (бюджет, контракт)

550300 – Филологиялык билим берүү

  • Кыргыз тили  жана  адабияты  (бюджет, контракт)
  • Орус тили  жана  адабияты  (бюджет, контракт)
  • Чет тили (англис, немец, француз, кы-тай) (бюджет, контракт)

531100 – Лингвистика

  • Теориялык жана колдонмо лингвистика
  • Котормо жана котормо таануу
  • Маданият аралык  коммуникациянын теориясы жана практикасы

550400  –  Социалдык-экономикалык билим берүү

  • Тарых (контракт)

550600 – Көркөмдүк билим берүү

  • Көркөм сүрөт искусствосу (бюджет, контракт)
  • Декоративдик-колдонмо искусство жана дизайн (контракт)

550700 – Педагогика

  • Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы (контракт)
  • Башталгыч билим  берүүнүн  педагогикасы жана методикасы (бюджет, контракт)

532000 – Дене тарбия

  • Дене тарбия (бюджет, контракт)

550800 – Кесиптик билим берүү

  • Агробизнестеги техникалык  системалар (бюджет, контракт)

580100 – Экономика

  • Каржы жана насыя (контракт)
  • Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит (контракт)
  • Салык жана салык салуу

600200 – Туризм

  • Туризмдеги мамлекеттик  жана  укуктук кызматтардын технологиясы жана уюштуруусу (контракт)

7200200 Биотехнология (контракт)

  • Биотехнология

640200  –  Электроэнергетика  жана электротехника

  • Электрэнергиясы менен  камсыздоо (контракт)

670200  –  Транспорттук-технология-лык  машиналары  менен  комплекстерди

эксплуатациялоо

  • Транспорттук-технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (контракт)

670300 — Транспорттук процесстердин технологиясы

  • Уюштуруу жана  кыймыл  коопсуздугу (контракт)

510200  –  Колдонмо  математика  жана информатика

  • Колдонмо математика жана информатика

 

МАГИСТРАТУРА

520800– Жаратылышты колдонуу жана экология

550300– Филологиялык билим берүү:

а) Кыргыз тили жана адабияты;

б) Орус тили жана адабияты.

550700– Педагогика

Башталгыч  билим  берүүнүн  педагогикасы жана усулу

550200 –  Физика-математикалык  билим берүү: а) Математика, б) Физика.

550800– Кесиптик билим берүү

а) Агробизнестеги техникалык системалар

Окутуунун  нормативдик  мөөнөтү   —  2  жыл.

Аңгемелешүүдөн  жана  комплекстүү  сынактан өтүшөт.

КР  Билим  берүү  министрлигинин  17.06.2014 №451/1  буйругу  менен  Ысык-Көл  айыл-чарба техникуму  ЫМУнун  курамына  кирген.  Аталган техникум  төмөнкү  багыттар  боюнча  адистерди  даярдайт:

  1. Агрономия;
  2. Ихтиология жана балык чарбачылыгы;
  3. Ветеринария.

Жалпы орто билимдин базасында окуу мөөнөтү — 1 жыл 10 ай, негизги орто билим берүүнүн базасында — 2 жыл 10 ай. Сырттан окутуунун мөөнөтү — 2 жыл 4 ай. Окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт. Колледжге кабыл алууну сынактык компьютердик тестирлөөдөн университет өзү өткөрөт.

9-КЛАССТЫН  БАЗАСЫНДА  ТӨМӨНКҮ  КЕСИПТЕРГЕ КАБЫЛ АЛЫНАТ

  1. Электр менен жабдуу ( тармактар боюнча);
  2. Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо;
  3. Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу (унаа түрү боюнча аба унаасынан башкасы);
  4. Башталгыч класстарда окутуу;
  5. Туризм;
  6. Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техни-касын программалык камсыздоо;
  7. Башкарууну документтик камсыздоо жана архив таануу.

 

КОЛЛЕДЖ

Колледжге  кабыл  алуу  (күндүзгү  жана  сырттан) төмөндөгү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

  1. Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап;
  2. Каржы (тармактар боюнча);
  3. Банк иши;
  4. Салык жана салык салуу;
  5. Менеджмент (тармактар боюнча)
  6. Маркетинг (тармактар боюнча)
  7. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);
  8. Айыл чарбасын механизациялоо;
  9. Жыгачты кайрадан иштетүү технологиясы;
  10. Автомобиль унааларын  техникалык  тейлөө  жана оңдоо;
  11. Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу (унаа түрү боюнча аба унаасынан башкасы);
  12. Башталгыч класстарда окутуу;
  13. Мектепке чейинки билим берүү;
  14. Туризм;
  15. Автоматташтырылган системаларды  жана  эсептөө техникасын программалык камсыздоо;
  16. Эсептөө техникасынын  каражаттарын  техникалык тейлөө жана компьютердик тармактар;
  17. Башкарууну документтик  камсыздоо  жана  архив  таануу;
  18. Социалдык иш;
  19. Дизайн (тармактар боюнча)
  20. Бак-парктык жана ландшафттык курулуш

Бул жылы педагогикалык адистиктерге максаттуу (целевой прием) кабыл алуу жүргүзүлөт.

СЫРТТАН ОКУТУУ ФОРМАСЫ БОЮНЧА

  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты
  • Тарых
  • Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
  • Мектепке чейинки  билим  берүүнүн  педагогикасы  жана методикасы
  • Дене тарбия
  • Математика
  • Информатика
  • Физика
  • География
  • Биология
  • Электрэнергия менен камсыздоо
  • Транспорттук жана техникалык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө
  • Уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу
  • Токой иштери жана ландшафттык курулуш
  • Жаратылышты колдонуу жана экология
  • Каржы жана насыя
  • Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит
  • Салык жана салык салуу
  • Туризмдеги мамлекеттик  жана  укуктук  кызматтардын технологиясы жана уюштуруусу

710300 – Колдонмо информатика

  • Колдонмо информатика

710100 – Информатика жана эсептөө техникасы

  • Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программа менен камсыздоо (контракт)

730100 – Токой иштери жана ландшафттык курулуш

  • Токой иштери жана ландшафттык курулуш (контракт)

650400  —  Технологиялык  машиналар  жана  жабдуулар  (тоо өндүрүшүндөгү транспорттук системалар (ачык түрдөгү тоо иштери)

  • Тоо өндүрүшүндөгү транспорттук системалар (ачык түрдөгү тоо иштери) (контракт)
  • 540200 — Социалдык иш
  • Социалдык иш (контракт)
  • Саламаттыкты сактоодогу  биомедициналык  инженерия жана информатика (контракт

 

КЫСКА МӨӨНӨТТӨГҮ КУРСТАР

  • Машиналарды оңдоо боюнча слесарь.
  • “В” жана “ВС” категориясындагы айдоочуларды даярдоо.

Кабыл  алуу  комиссиясына  төмөндөгү  документтер тапшырылат:

  • окутуунун формасы жана адистик так көрсөтүлүү менен белгиленген форма боюнча ректордун наамына жазылган арыз;
  • орто, кесиптик  орто  же  жогорку  билими  тууралуу  документ (түп нускасы);
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 фотосүрөт;
  • паспорт жана аскерге милдеттүүлүгү тууралуу күбөлүгүн абитуриент өзү көрсөтөт;
  • абитуриентти толук мүнөздөгөн башка документтерди (олим-пиадалардын, спорттук мелдештердин дипломдору ж.б.) өзү көрсөтөт.

Документтер 2018-жылдын 1-июлунан баштап кабыл алынат.

Кабыл алуу комиссиясынын дареги:722360, Каракол ш., Тыныстанов көчөсү, 32.

Тел.: (3922) 52688, 51612, 50123. Факс: (3922) 50498. E-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер

Зия / 13.06.2018 01:40
Медицин факультет ачылдыбы???