КӨП ТИЛДҮҮ ПРОГРАММА МЕНЕН ОКУТКАН МЕКТЕП

  • 26.06.2020
  • 0

Ош шаарындагы №24 М.В.Фрунзе атындагы орто мектепти быйылкы 2019-2020-окуу жылында 74 бүтүрүүчү мектепти аяктады. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен алты окуучу берилген сынактардын негизинде медициналык окуу жайына өткөнүн мектептин директору Дана Абдувахабова билдирди.

Мектеп директорунун айтымында, мектепте көп тилдүүлүк программасынын долбоору боюнча 38 мугалим окуп келишкен.

— Көп тилдүүлүк боюнча окуган мугалимдер топтогон тажрыйбаларын өз предметтеринде колдонуп, ийгиликтерин көрсөтүп келишүүдө. Бул мектеп башында өзбек мектеп болчу. Окуучулардын маданияттуулугу, дүйнө таанымын өстүрүү үчүн орус класстар ачылды. Ошондой эле мектепке караштуу «Алымбек Датка» атындагы балдар бакчасы да ачылган. Бакчада 98 бала бар. Аларга сабактар мамлекеттик жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 2016-жылдан өз демилгем менен көп тилдүүлүк программасы менен иш жүргүзө баштадым. Көп тилдүүлүк боюнча мугалимдердин окутулушуна жана жакшы жыйынтыктарды берүү үчүн демөөрчүлөрдү таап, анын негизинде 38 мугалим окутулду. Өзбек класстар да мындан кийинки билим берүүгө көп тилдүүлүк программасынын негизинде окутулмакчы. Негизинен мектептеги билим берүү көп тилдүүлүк боюнча окутулуп, экинчи максат мамлекеттик тилде да билим берилип, келечекте бул киргизилген программалар жакшы жыйынтыгын берет деген ойдомун. Маселен, төртүнчү чейректи биз эл катары эле аралыкта өттүк. Мугалимдер онлайн сабактарды жигердүү өтүп, ютубдан өздөрүнүн аккаунттарын ачып, сабактарын жүгүртмө менен өз убагында өтүп турушту. Окуучулар телевидениеден берилип жаткан телесабактарды көрүп, андан кийин мектеп жүгүртмөсүнүн негизинде кайтарым байланыш жүргүзүлүп, сабактар өз нугунда өтүлүп жатты. Өзбек класстары үчүн телесабак өтүлбөгөндүктөн атайын ал класстар үчүн сабактар даярдалып, онлайн окутулду. Биз окуучулар үчүн чын дилибизден сапаттуу билим бергенге аракеттенип жатабыз. Көп тилдүүлүк программасынын негизинде окуучуларга өз эне тилинде түшүндүрүп жана окутуп жатабыз. Мектепте 721 окуучу бар. Алар берилип жаткан, өтүлүп жаткан сабактарды, менин оюмча, жакшы өздөштүрүүдө. Окуучулардын ата-энелери да балдары менен биргеликте мамлекеттик тилде окуп үйрөнүп жатышат, — дейт директор.

Быйылкы окуу жылында мектепте ийгиликтүү, демилгелүү жумуштар аткарылды. Алсак, мектеп жетекчилигинин демилгеси жана «Апаке Алтынай» фондунун директору Толбаев Бабур Латихановичтин демөөрчүлүгү менен мектептин сырткы ажаатканасы кайрадан ремонттолуп, мектептн экинчи жана үчүнчү кабатына окуучулар жана мугалимдер үчүн жаңы ажааткана курулуп бүткөрүлдү.

КӨП ТИЛДҮҮ ПРОГРАММА МЕНЕН ОКУТКАН МЕКТЕП

КӨП ТИЛДҮҮ ПРОГРАММА МЕНЕН ОКУТКАН МЕКТЕП

КӨП ТИЛДҮҮ ПРОГРАММА МЕНЕН ОКУТКАН МЕКТЕП

— Бул фондко жана Бабур Латихановичке мектеп жетекчилиги жана мугалимдери, ата-энелер, окуучулар тарабынан терең ыраазычылык билдирилди, — дейт Д.Абдувахабова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер