КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН СЕМИНАР

  • 02.11.2022
  • 0

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН СЕМИНАР

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде көп тилдүү билим берүү программасынын алкагында  “Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу: чакырыктар жана чечимдер” аттуу аймактык семинар өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдар аралыгында билим берүүнү өнүктүрүү программасына мамлекеттик тилди өнүктүрүп, көп тилдүү билим берүү бөлүгүн киргизүү багытында Билим берүү жана илим министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жогорку комиссарынын ортосундагы Кыргыз Республикасында көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын, Казакстандын билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН СЕМИНАР

Конокторду университеттин жетекчилиги тосуп алып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, көп тилдүү билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырып чыгышты. Кыдыруудан кийин синхрондук котормо жабдыктары менен камсыздалган лингафондук залда семинардык иш башталды.

Анда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзүнөн кийин окуу жайдын ишмердигин чагылдырган видео баян көрсөтүлдү. Университеттеги көп тилдүү билим берүүнүн аткарылышы жөнүндөгү баяндама  семинардын ишин улантты. Андан соң Кыргызстан менен Казакстанда эне тилдин негизинде көп тилдүү билим берүүнүн натыйжалары жөнүндөгү фильмдин презентациясы болду.

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН СЕМИНАР

Катышуучулардын тажрыйба алмашуу багытындагы суроо-жооптору, эркин аңгемелешүүсү  менен семинар жыйынтыкталды. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер