КӨЛДӨ ӨТКӨН КӨЧМӨ ЖЫЙЫН

  • 03.09.2021
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрына карата алынган маалыматтар боюнча Ысык-Көл облусунда COVID-19 каршы эмдөө алгандардын саны 54,5 миңден ашты. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышкан Республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйынында маалымдашты. Штабдын маалыматына ылайык, учурда көл кылаасындагы айылдарда эмдөө иштери 175 убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлүп жатат.

Жылдыз Бакашова коронавирус тумоосу жана пневмония менен ооругандардын саны азайып жаткандыгын, абалды мындан да турукташтыруу үчүн эмдөөдөн өтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле билим берүү мекемелеринде иш алып барган педагогикалык курамдын 70% эмдөөдөн өткөндүгүн жана аны менен эле токтолуп калбай, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууну тапшырды. Андан тышкары, Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча студенттерди иммундаштыруу үчүн өлкөбүздөгү ЖОЖдордо эмдөө боюнча мобилдүү пункттары ачылаарын билдирди.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө боюнча өтүп жаткан жалпы акциянын алкагында мындай көчмө жыйындар ар бир облуста өтмөкчү.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер