К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети сынак жарыялады

  • 17.01.2025
  • 0

Төмөнкү кафедра башчысынын бош кызмат ордуларына сынак:

— кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасы;

— дүйнөлүк экономика жана аймак таануу кафедрасы;

— информатика жана математика кафедрасы;

— чет тилдер кафедрасы.

Сынакка катышууга илимий даражасы жана илимий же илимий-педагогикалык иш стажысы 5 жылдан кем эмес тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы жогорку билими бар адистерге уруксат берилет.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу керек:

— Сынакка катышуу үчүн арыз;

— кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча (К.Карасаев атындагы БМУда иштебеген адамдар үчүн негизги иштеген ордунан күбөлөндүрүлгөн);

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде берилет);

— резюме, иштеген ордунан мүнөздөмө-сунуштама;

— жарыяланган илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле белгиленген формадагы окуу-методикалык каражаттардын тизмеси;

— документтердин көчүрмөсү (окугандыгы тууралуу, илимий даражасы, илимий наамы, квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу, эмгек китепчеси, күбөлүктөрү, сыйлыктары жана башка документтери нотариустан же иштеген орду боюнча кадрлар бөлүмүнөн күбөлөндүрүлгөн).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтер жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү – жарыяланган күндөн тартып бир ай ичинде.

Документтер Бишкек шаары,
Айтматов проспектиси, 27 дарегине ж
өнөтүлүшү керек.

Кадрлар бөлүмү, тел.: 27-87-14

Бөлүшүү

Комментарийлер