К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ

  • 15.05.2020
  • 0

К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобил-жол колледжи (БАЖК) 1957-жылы 19-июнда негизделген. Билим берүү тармагында сапаттуу иш алып баргандыгы үчүн 2015-жылдын 22-июлунда БАЖК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №515 токтому боюнча «Сапат» конкурсунун диплому менен сыйланган.

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ

Төмөнкү адистиктер боюнча 2020-2021-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:

190604 «Автомобилдик унааны техникалык тейлөө жана оңдоо»

190503 «Унаанын электржабдуусун жана автоматикасын пайдалануу (автомобилдик)»

190605 «Көтөрүүчү-унаалык, курулуш жол машиналарын жана жабдууларын техникалык экплуатациялоо»

230110 «Компьютердик тармактарды жана эсептөөчү техниканын каражаттарын техникалык тейлөө»

190701 «Унаада (автомобилдик) ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

270206 «Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана пайдалануу»

080110 «Экономика, бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)»

Колледжде окуп жаткан мезгилде студенттерге “В” “ВС” категориясындагы айдоочунун кубөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк берилет. колледждин ДИПЛОМУНУН НЕГИЗИНДЕ автоишканаларда, МАИ тармагында, транспорттук инспекцияда, транспорттук-экспедициялык жана логистикалык компанияларда, автосервистерде, жол-куруу ишканаларында, жүк терминалдарында, жол көзөмөлдөө кызматтарында, Кыргыз Республикасынын унаа жана жол министрлигинин ишканаларында жана башка кызматтарда иштей алышат.

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ

Колледжди аяктагандар Кыргызстандын төмөнкү окуу жайларында кыскартылган программа боюнча окуусун уланта алышат: Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КГТУ), Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КГУСТА), Кыргыз Мамлекеттик Агрардык Академиясында (КМАА) жана Кыргыз-Россия словян университетинде (КРСУ).

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ

Жогорку билимин Россиядан улантууга умтулган бүтүрүүчүлөр Томск политехникалык университетинен, Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинен, Волгадагы мамлекеттик технологиялык университетинен, Костромадагы агрардык академиядан жана Казандагы федералдык университетинен бюджеттик негизде окууну уланта алышат.

Колледжде бардык адистиктер боюнча 16 лаборатория, электрондук китепкана, тестирлөө борбору, устакана, жатакана, спортзал, жайкы спорт аянтча, заманбап кичи футбол аянтча, студенттик ашкана, бекер интернет жана Wi-Fi. бар.

Контракттын баасы 2020-2021 окуу жылына карата: 26000 сом – күндүзгү окуу бөлүмүнө, 20000 сом/ сырттан окуу бөлүмүнө.

Кабыл алуу комиссиясы, 2020-2021-окуу жылына карата аралыктан документтерди кабыл алууну баштады.

Аңгемелешүү үчүн WahtsАpp аркылуу төмөнкү документтерди жөнөтөсүз:

1. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (аралыктан фото көчүрмөсү)

2. Билими жөнүндөгү документ (аралыктан фото көчүрмөсү)

3. Абитуриенттин жеке арызы (аралыктан фото көчүрмөсү)

(Жогорку документтерди жөнөтүүнүн жолун биздин сайттан караңыз)

1-сентябрда төмөнкү документтер кабыл алынат:

1. паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы, көчүрмөсү)

2. Билими жөнүндөгү документ (түп нускасы, көчүрмөсү)

3. 086-У формасындагы медсправка,

4. 3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт,

5. аскердик билет же аскердик күбөлүк (түп нускасы, көчүрмөсү)

Дареги: 720044, Бишкек ш., Ч. Айтматов проспектиси 52.

Тел, факс: 0312-59-60-88. +996 703 633 131. +996 703 608 494. +996559611004

Электрондук почта: [email protected]

Кабыл алуу комиссиясынын Веб-сайты: www.BADK.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер