К.Иманалиев: АЙЫЛДАРДАГЫ КИТЕПКАНАЛАР менен МАДАНИЯТ ҮЙЛӨРҮН  МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНалы

  • 27.02.2023
  • 0

 

К.Иманалиев: АЙЫЛДАРДАГЫ КИТЕПКАНАЛАР менен МАДАНИЯТ ҮЙЛӨРҮН  МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНалы

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев айылдардагы китепканаларды жана маданият үйлөрүн  максаттуу пайдаланууга чакырды.

Жетекчинин айтымында, айылдардагы китепканаларды күнүнө 2-3 сааттан 1-класска даярдоо үчүн пайдаланса натыйжалуу болот. Анткени биринчиден, китептер турган жерде аура башка. Ал окуучулардын маанайына таасир берип, жакшы билим алуусуна өбөлгө түзмөк. Экинчиден бош жаткан китепканаларга жан кирип, элдин керегине жарамак.

  • Айыл өкмөттөрү ошол китепканалар менен райондордо, айылдарда каралбай жаткан маданият үйлөрүн бизге беришсин. Биз пайдаланалык. Айрым маданият үйлөрүнө азыр кароолчудан башка киши барбайт. Мисалы, Кеминдеги маданият үйүн ремонттоп, үч мектепке берип койгонбуз. Бирөө түшкө чейин, бирөө түштөн кийин пайдаланат. Ал жакта түрдүү кружокторду уюштурса болот. Андан сырткары райондордо, облустарда жабылып калган кесиптик окуу жайлардын бош калган имараттарын да зарыл болгон учурда жогорку окуу жайларга өткөрүп берсек болот. Кандайдыр бир реформаларды жасоо үчүн имараттар жетпей жатса ЖОЖ жетекчилери кайрылгыла, маселени чечип беребиз. Мисалы, Кеминде эле эки окуу жайдын имараты 17 жылдан бери бош турат. Ошону табигый билим берүү үчүн  алалык  деп жатабыз. Буга мамлекеттин канчалаган акчасы кеткен. Алар мамлекет үчүн кызмат кылышы керек да. Ушундай сунуштар болсо кайрылыңыздар, — деди министр ректорлорго кайрылып жатып.

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер