«КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ: МУРАСТАРЫ, ПАРАДИГМАСЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ» ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ЖЫЙНАГЫ БАСМАГА ДАЯРДАЛУУДА
- 21.08.2026
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдарынын негизинде атайын эл аралык илимий жыйнак басмага даярдалып жатат. Бул басылма VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Илимий программасынын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп саналат. 
Илимий жыйнакка Евразиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын көчмөн цивилизацияларына байланышкан кеңири маселелерди камтыган, дүйнөнүн 28 өлкөсүнүн окумуштуулары жана адистери тарабынан даярдалган изилдөөлөр киргизилет. Анда конференциянын катышуучуларынын көчмөндөрдүн тарыхын, маданиятын жана мурастарын изилдөөгө, ошондой эле номадизмди дисциплиналар аралык багыт катары түшүнүүдө заманбап илимий ыкмаларды жана маалымат технологияларын колдонууга арналган макалалары топтолот. Изилдөөлөрдө салттуу билимдерди жана тажрыйбаларды сактоо, көчмөн салттардын муундан-муунга өтүшү, элдердин өз ара байланышы, ошондой эле санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу заманбап чакырыктарга өзгөчө көңүл бурулган.
Жыйнактагы илимий изилдөөлөрдүн өзүнчө бир бөлүгү 2014-жылдан бери эл аралык спорттук-маданий долбоорго жана Кыргызстандын маанилүү бренддеринин бирине айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын феноменине арналат. Бул материалдар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салттуу спорт түрлөрүн жана маданий мурастарды сактоодогу ролун, эл аралык илимий жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисин тереңирээк ачып берүүгө мүмкүндүк түзөт.
Катышуучулардын макалалары авторлор тарабынан сунушталган баштапкы тилдерде жарыяланып, жыйнактын басма нускасы конференциянын катышуучуларына жеткиликтүү болот. Аталган басылма заманбап изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын гана сунуштабастан, ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн мындан аркы илимий пикир алышуусуна бекем негиз түзөт. Узак мөөнөттүү келечекте бул жыйнак номадологияны өнүктүрүүгө, көчмөн цивилизацияларынын мурастары тууралуу билимдерди азыркы жана келечек муундар үчүн сактап калууга жана дүйнөгө жайылтууга өзүнүн зор салымын кошмокчу.
А.К., «КБ»
Комментарийлер