КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖАҢЫЛАНДЫ
- 08.01.2018
- 0
Көчмөндөр оюндарынын жаңыланган логотиби көрсөтүлдү. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөрүлөт.
Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жаңы логотипти көрсөттү.
- Көчмөндөр оюндарынын күн түрүндөгү жаңыланган логотиби ДКОнун концепциясын чагылдырып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин жашоо философиясын көрсөтүп турат, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары эки жылда бир өтүп туруучу спорттук-маданий иш-чара. Биринчиси 2014-жылы өтсө, экинчи оюндар 2016-жылы болгон. Оюндар салтка ылайык, Ысык-Көл облусунда өтүп келет.
Бөлүшүү
Комментарийлер