КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ — ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ МЫКТЫ ДОЛБООРУ
- 03.09.2026
- 0
Эл аралык илимий конференциянын алкагында журналисттер үчүн брифинг өттү.

Анда Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Көчмөндөр оюндарын эгемендүү Кыргызстан ойлоп тапкан эң мыкты долбоорлордун бири деп баалады.
Анын айтымында, Евразия көчмөндөрүнүн тарыхы 30–35 кылымды камтыйт. Бул тарыхта кыргыз, казак жана монгол көчмөндөрүнүн орду өзгөчө.
Мамлекеттик катчы Көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана салт-санаасын дүйнөгө тааныткан маанилүү эл аралык аянтчага айланганын белгиледи.
“Евразиялык көчмөчүлүктүн эң соңку мураскорлору катары биз андан туура 100 жыл мурун отурукташкан цивилизациянын кысымына баш ийдик. Биз отурукташып алганга туура 100 жыл болду. 100 жылдан кийин биз кайрадан өзүбүздүн өткөндү Евразиялык көчмөнчүлүк транзити деп, биринчиден, анын көчмөндөр оюндары формасында эл аралык долбоор катары алып чыгып, анын тарыхын изилдөөнүн зарылдыгын белгилеп атабыз”,-деди мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу Койчиев.
Атайын кабарчы.
Комментарийлер