«КӨЧМӨНДӨР КЕРБЕНИ»

  • 24.04.2024
  • 0

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Көчмөндөр кербени» аталышында кыргыз элинин улуттук кийимин, оюндарын, кол өнөрчүлүгүн, салт санаасын, даңазалаган этнофестиваль болуп өттү.

"КӨЧМӨНДӨР КЕРБЕНИ"

Фестивалдын ачылышында окуу жайдын ректору А.А. Иманбаев учурда улуттук нукура маданиятыбызды жайылтуу өтө маанилүү экендигин айтып, «Көчмөндөр кербени» уланарын жана кийинки жылдарда чоң  масштабда өтүлөрүн баса белгиледи.

Иш-чарада ЫМУнун окутуучусу, бир нече эл аралык кол өнөрчүлөр конкурстарынын жеңүүчүсү, белгилүү дизайнер Алия Эдилованын коллекциялары улуттук ыр, бий, күүлөрдүн коштоосунда тартууланып, окуу жайдын сүрөтчү, кол өнөрчүлөрүнүн иштери көргөзмөгө коюлду.  Мастер класстар өткөрүлдү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер