КӨЧМӨН ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНЫН МУРАСЫ ТАЛКУУЛАНАТ
- 03.09.2026
- 0
Бүгүн, 3-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунда «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана перспективалар» аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө.

Илимий жыйындын жүрүшүндө көчмөн цивилизациясынын тарыхый мурасы, анын азыркы дүйнөдөгү орду жана келечектеги мааниси тууралуу пикирлер айтылат.
Конференциянын алкагында китеп көргөзмөсү уюштурулуп, боз үйдүн түндүгүн көтөрүү аземи өткөрүлөт. Ошондой эле катышуучулар үчүн Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунун музейине экскурсиялар уюштурулат.
Бүгүнкү иш-чаранын эң урунттуу учуру — 28 өлкөдөн келген окумуштуулардын түндүк көтөрүүгө түздөн түз катышуусу. Бул биримдиктин жана ынтымактын символу болуп эсептелет.
А.АЛИБЕКОВ, атайын «Кут Билим» гезити үчүн, Ысык-Көл, Өрнөк айылы






Комментарийлер