“ҮЙДӨ ОЛТУРАБЫЗ!” ЭСТАФЕТАСЫ ЖАШТАРДЫ САБЫРДУУЛУККА ЧАКЫРАТ
- 12.04.2020
- 0
«Сыртка чыкпа, олтур үйдө ашыкпа, сабырдуу бол, куралы жок согушта!» деген ураандын астында Кара-Көл шаарында жаштарды сабырдуулукка чакырган эстафета старт алды.
Учурда бул саамалыкка шаардагы бардык мектептердин мугалимдери, окуучулары активдүү катышууда.
-Бири-бирибизди колдоп, өзүбүздүн видео кайрылуулар аркылуу жалпы элди биримдикке, ынтымакка, сабырдуулукка, тартипке, үйдө олтурууга чакырып жатабыз, — дейт Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин башчысы Алымкан Мырзалиева.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер