«ИЙГИЛИК» СТИПЕНДИЯСЫ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ

  • 20.05.2021
  • 0

Лейлектик демөөрчү Канатбек Кудаяров Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 5-11-класстардын эң мыкты он эки окуучусуна стипендия тапшырды.

"ИЙГИЛИК" СТИПЕНДИЯСЫ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ

Элеттик балдарды камкордукка бөлөгөн Канатбек Кудаяров ушуну менен алтынчы ирет алдыңкы окуучуларга акчалай сыйлыктарды жана сертификаттарды ыйгарып олтурат.

Бул күнкү жагымдуу иш-чаранын биринчи бөлүгүндө Канатбек агай айылдык окуучуларга «Ийгилик» стипендиясын тапшырды. Окуучулардын кубанычына ата-энелер да ортоктош болушуп, демөөрчүгө терең ыраазычылыгын билдиришти.

"ИЙГИЛИК" СТИПЕНДИЯСЫ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ

Ал эми билим мааракесинин экинчи жарымын К.Кудаяров 9-11-класстардын окуучуларына кесиптик багыт берүүгө арнап, мектепке билим капиталын, илим инвестициясын тартуу тууралуу олуттуу ойлорун ортого салды.

"ИЙГИЛИК" СТИПЕНДИЯСЫ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ

Канатбек Кудаяров азыркы учурда Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошунунун төрагасы болуп эмгектенет.

Туулуп-өскөн айылынын жаш муундарын терең билим алууга, изденип окууга шыктандырган Канатбек мырзанын демөөрчүлүк аракети салтка айланып бараткандыгы кубандырат.

Тайир Аширбай, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер