IV ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНА “СЕЙТЕК” БОРБОРУ ЧАКЫРЫЛДЫ

  • 14.09.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин атына Түрксой эл аралык уюмунан Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” жана Кыргызстандагы балдар чыгармачылык борборлорунун тарбиялануучуларын Түркиянын Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун салтанаттуу аземине катышуу үчүн чакыруу келди.

IV ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНА “СЕЙТЕК” БОРБОРУ ЧАКЫРЫЛДЫ

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине даярдалып жаткан сахна

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымында, иш-чаранын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин артисттери жана чыгармачыл ансамблдери катышат.

— “Сейтек” борборунан элдик, үлгүлүү Шаттык, Ассоль, Улыбка, Ариет ансамблдери катышат. Салтанаттуу  аземин ачуу боюнча түрк режиссеру Арман күнүгө бизге бийдин кыймылдарын, музыкасын онлайн салып жатат. Ошол боюнча күнүгө даярдык көрүлүүдө. Уюштуруу комитетинин айтуусуна караганда, эки минуталык комплекстүү бийге Кыргызстандан барган бардык ансамблдер катышат. Андыктан мындан бир нече ай мурда эле алар биздин тарбиялануучулардын костюмдарын тандашкан. Анткени костюмдардын түстөрү дагы абдан маанилүү экен. Көчмөндөр оюну 29-сентябрда ачылат. 76 мамлекеттен келгендер ачылыш аземине катышат. Салтанаттуу иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия ж.б. мамлекеттерден келген 1500 артист катышат. Бул иш-чаранын башкы уюштуруучусу Түрксой эл аралык уюм. Белгилей кетсек, эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектеп жатат. Бул эл аралык уюмду буга дейре Азербайжандын белгилүү искусство ишмери, атактуу ырчы Полад Бюль-Бюль оглы, Казакстандын маданий жана коомдук ишмери Дюсен Касеинов жетектеп келген. Түрксой  эл аралык уюмунун негизги максаты — түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү, ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу эмеспи, — дейт директор.

IV ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНА “СЕЙТЕК” БОРБОРУ ЧАКЫРЫЛДЫ

IV ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНА “СЕЙТЕК” БОРБОРУ ЧАКЫРЫЛДЫ

IV ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНА “СЕЙТЕК” БОРБОРУ ЧАКЫРЫЛДЫ

Жалпысынан 170 адам, анын ичинен 165 балдар бармай болду. Балдардын курагы боюнча 14-18 жаштагылар:  Шаттыктан – 25, Таэлия – 10, Ассоль – 14, Улыбка – 12, Ариет – 13. Ал эми 8-12 жаштагылар: Шаттыктан – 31, Улыбка – 10, Жаш канат – 13, Ариет – 8, Дэя – 14 жана Каухар – 17.

Балдардын жол киресин ата-энелер төлөп бермек болушту. Ал эми чакырган тарап жатакана, тамак-ашын моюндарына алышкан.

— Биз он күн эрте чыгып жатабыз. Анткени, биринчиден, самолетко билетти эрте алсак арзан түшөт, экинчиден, эрте барып жалпы репетицияга катышуу керек. Быйыл самолетко билет абдан кымбаттады. Эгерде мурда Түркияга 250 доллар болсо, эми 480 доллардан жогору экен. Эмне үчүн “Сейтекти” чакырды деген суроо сөзсүз болот. Анткени биздин балдардын костюмдары мыкты жана жогорку деңгээлде бийлешет. Тандап алуу да абдан катаал болду. Официалдуу аземге катышкандан сырткары эки күн бою барган ансамблдер жеке номерлерин көрсөтүшөт,  — дейт С.Челпакова.

Баса, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыздын жети  улуттук оюндары көрсөтүлөт, т.а. көк бөрү, эр эңиш, ордо, кыргыз улуттук күрөшү, тогуз коргоол, алыш күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү кирди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер