ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВДИН 140 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ

  • 21.12.2022
  • 0

21-22-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВДИН 140 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ

Иш-чарада Ишеналы Арабаевдин агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө арналган беш томдуктун, «Ишеналы Арабаев жана анын доору», «Эки доор инсаны – Эшенаалы Арабаев», «Ишеналы Арабаев – Кербен китеп», «Эшенаалы Арабаев жана Тоолуу Кыргыз облусу»  китептеринин презентациясы болот. Ошондой эле, Төлөмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте тарткан XX кылымдын илимпоз-агартуучусу Ишеналы Арабаевге арналган даректүү-публицистикалык фильмдин бет ачар аземи тартууланып, «Төлгө» спектакли коюлат. Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ” 

Бөлүшүү

Комментарийлер