ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 01.12.2020
  • 0
ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Кыргыз-Өзбек университетинде мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата онлайн тегерек стол өткөрүлдү.

ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Анда алгач И.Раззаковдун бейнесин чагылдырган слайд көрсөтүлүп, андан соң баяндамалар жасалды.

КР Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов Исхак Раззаковдун инсандык, жетекчилик өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасап, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымын баса белгилеп, жасаган иштери тууралуу кеңири маалымат берди.

Талкууга Ош мамлекеттик университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун, Талас мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, Нарын мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин жана башка аймактардагы колледждердин окумуштуулары, мугалимдери катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер