ИШ КАГАЗДАРГА ТАКТЫК КЕРЕК

  • 27.01.2020
  • 0

Кочкор районуна караштуу Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген 2012-жылдын  23–июлундагы токтомунун негизинде типтүү нускамага ылайык  мектептин иш кагаздарын жүргүзүү боюнча райондогу мектеп директорлоруна семинар болуп өттү.

ИШ КАГАЗДАРГА ТАКТЫК КЕРЕК

Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбековдун айтуусуна караганда, семинарды Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин директору Кыргыз Республикасынын  “Даңк  орденинин “ ээси Табалдиев Зарылбек уюштурду.

ИШ КАГАЗДАРГА ТАКТЫК КЕРЕК

  • Семинарга Нарын облустук мамлекеттик архивинин адиси Маматбаев Кубанычбек, Кочкор райондук  мамлекттик архивинин башчысы Өмүров Байыш, ошондой эле Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери Ибраева Венера, Асаналиева Астра катышты.Семинардын жүрүшүндө мектептин иш кагаздарынын толтурулушу, мектептин архивинин иши менен таанышуу болду.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомунун негизинде жүргүзүлүүчү мектептин иш кагаздары, мектептин иш кагаздарын сактоо жана мамлекеттик архивге өткөрүү боюнча талкууда Нарын облустук мамлекттик архивинин адиси Маматбаев Кубанычбек жана Кочкор райондук  мамлекттик архивинин башчысы Өмүров Байыш өзүлөрүнүн жоопторун беришти, — дейт Дайырбек Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер