ИСАМИДИНОВ ИСКЕНДЕР ИСАМИДИНОВИЧ

  • 22.11.2022
  • 0

Өмүр бою адамдык тагдырын билим берүүгө, рух дүйнөсүнө арнаган көрүнүктүү окумуштуу,  мамлекеттик ишмер,  илимпоз Исамидинов Искендер Исамидинович  2022-жылдын 17-ноябрь күнү дүйнөдөн өттү. 

ИСАМИДИНОВ ИСКЕНДЕР ИСАМИДИНОВИЧ

Искендер Исамидинович 1952-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн. 1973-жылы Кыргыз  улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. Педагогика илимдеринин доктору (2004), профессор. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (2003).

1973 – 2014-жылга, б.а. ардактуу эс алууга чыкканга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде эмгектенди. Алгач филология факультетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, декандын тарбия иштери, окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 1993-жылдан 2011-жылга чейин университеттин жетекчи кызматтарында иштеп, кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, окуу жайдын тарбия иштери боюнча, окуу иштери боюнча проректору, ал ами 2011 – 2014-жылдары Улуттук университеттин ректору болуп кызмат өтөгөн.

И.И.Исамидинов Бишкек шаардык Кеңештин депутаты (2004 – 2008-жылдар), андагы уюштуруу иштери боюнча комиссиянын төрагасы катары да баш калаабыздын социалдык-экономикалык маселелерине чечүүгө активдүү катышып келген.

И.И.Исамидинов Кыргыз билим берүү академиясы менен Абай атындагы Казак мамлекеттик университетинин педагогика боюнча Диссертациялык кеңештеринин мүчөсү болуу менен илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого да чоң салымын кошкон.

И.И.Исамидинов 100дөн ашуун илимий эмгектердин анын ичинде 3 монография, 4 окуу китебинин автору. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окутуунун илимий-педагогикалык маселелери боюнча Республикадагы көрүнүктүү окумуштуу-методисттердин бири болгон. И.И.Исамидинов тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук көндүмдөр орто мектептерде кеңири колдонулуп келет. Ал эми республикабыздын жогорку окуу жайларын башкаруунун жол-жоболору тууралуу эмгектери жаш жетекчилер үчүн үлгү болуп келүүдө.

Илимпоз агай Искендер Чоңмурунович, ыйманыңыз саламат, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Ысымыңызды атпай журт унутпайт.

У.Э.Мамбетакунов, Р.Абазбек уулу, Н.Ж.Жусупбекова, Т.А.Ашымбаева, Т.А.Абдырахманов, А.Э.Эркебаев, О.И.Ибраимов, О.А.Тогусаков, А.А.Акматалиев, С.Ж.Мусаев, Б.К.Темиров, Н.И.Ишекеев, С.Алахан, Б.К.Айтахунов, Э.М.Мамбетакунов, Н.А.Асипова, К.С.Жумабеков, Т.С.Маразыков, Б.А.Жайлообаев, Б.А.Байсабаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер