ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДАЛУУДА
- 03.07.2026
- 0
Ош шаарындагы З.М. Бабур атындагы №43 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде жаңы окуу жылына карата капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Учурда билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү максатында кеңири масштабдуу курулуш аракеттери активдүү фазада турат. Тактап айтканда, мектептин STEM-кабинеттери толугу менен жаңыланып, эки спорттук зал капиталдык оңдоодон өтүүдө. Муну менен катар эле, спорт залдарга чектеш кыздар жана балдар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана заманбап жуунуу жайлары курулуп жатат. Ошондой эле окуучулардын гигиеналык талаптарга ылайык билим алуусу үчүн жаңы санитардык түйүндөр салынып, жыйындар залы менен эмгек кабинеттери да кошо жаңыланууда. Азыркы тапта ички жумуштар менен бирге мектеп имаратынын сырткы көрүнүшүн (фасадын) сырдоо жана жасалгалоо жумуштарына да кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бардык оңдоп-түзөө процесстеринде өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна зыян келтирбеген, сапаттуу, заманбап жана коопсуз курулуш материалдары колдонулуп жаткандыгы өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Белгилей кетсек, бул капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин, аталган билим ордосу өлкө боюнча өзгөчө инновациялык макамга ээ болгон 53 мектептин катарында алдыңкы технологиялык жабдыктар менен камсыздалат. Алардын ичинде жаңы муундагы STEM жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар, окуучулардын илимий-практикалык тажрыйбаларын арттыруучу «Кванториум» борборлорунун атайын түзүлүштөрү, ыңгайлуу заманбап мектеп эмеректери жана коопсуздукту камсыз кылуучу видеобайкоо системалары бар. Мындай масштабдуу жаңыланган инфраструктура жана акыркы үлгүдөгү технологиялык жабдуулар окуучулардын сапаттуу билим алышына, заманбап практикалык көндүмдөрүн эркин өнүктүрүүгө жана жалпы билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга түз шарт түзөт. Жалпысынан алганда, аткарылып жаткан бул иштердин бардыгы инновациялык мектептерде заманбап даярдыктагы билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга жана өлкөдөгү орто билим берүүнүн сапатын таптакыр жаңы, жогорку деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер