ИННОВАЦИЯЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ АЯЛДАРДЫН РОЛУ

  • 02.02.2024
  • 0

Кыргызпатент Бириккен Улуттар Уюмундагы аялдар, Ага Хан фонду жана Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу темасына арналган жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз патенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргызстандагы иш алып барган эл аралык донорлук уюмдар, министрликтердин, жогорку окуу жайлардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

ИННОВАЦИЯЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ АЯЛДАРДЫН РОЛУ

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, мекемеде ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири айтып берди. Анын айтымында, мекемеде “40 район – 40 демилге”, “Startup students, “Улуттук стартап” Хакатон сыяктуу долбоорлор аркылуу жаш жаратмандарга колдоо көрсөтүлүп келет. Андан тышкары, инновацияларды өнүктүрүүдө аялдарга колдоо көрсөтүү максатында “Илимдеги, ойлоп табуучулукта жана инновациядагы аялдардын образы” сынагы жыл сайын өткөрүлөт.

Рахат Керимбаева өз сөзүндө Кыргызпатент региондордо инновацияны өнүктүрүү боюнча иш алып барарын жана ар бир үй-бүлө инновациялык үй-бүлө болуш керек экендигин баса белгиледи. Жыйында БУУдагы аялдар, Ага Хан фонду жана Германия эл аралык кызматташуу коомунун өкүлдөрү сөз сүйлөп, бул багытта иш алып баруу маанилүү экенин белгилеп өттү.

ИННОВАЦИЯЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ АЯЛДАРДЫН РОЛУ

 

Анын жыйынтыгы менен донордук уюмдардын өкүлдөрү Кыргызпатенттин долбоорлорун чогуу ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. Ошону менен бирге Кыргызпатент, Бириккен Улуттар Уюмундагы аялдар, Ага Хан фонду жана Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте өз ара кызматташуу боюнча келишим түзүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жыйындын катышуучулары ойлоп табуучулук, изилдөөнүн инновациядагы орду, насаатчылык институтун өнүктүрүү, инновациялык инфратүзүмдөрдү ачуу, жаштардын жана аялдардын идеяларын жана ишкер аялдарды колдоо боюнча пикирлерин ортого салышты.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, 
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер