ИННОВАЦИЯ ЖАНА СТАРТАПТАР: БИШКЕКТЕГИ ЖАҢЫ ДОЛБООР
- 14.07.2026
- 0
2026-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Инновациялык борборунда технологияларды трансферттөөнү өнүктүрүүгө, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууга жана инновациялык стартаптарды колдоого арналган үч күндүк окутуу программасы ишин баштады. Иш-чара өлкөнүн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана АКШнын Соода министрлигинин (CLDP) колдоосу менен уюштурулду.
Программанын ачылышында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гүльнура Мамырова катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылып, министрлик илимий иштеп чыгууларды идеядан даяр өнүмгө чейин жеткирүү жана аларды рынокко ийгиликтүү чыгаруу үчүн технологияларды трансферттөөнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле ал акыркы улуттук жана эл аралык сынактарда жогорку орундарды ээлеген ата мекендик стартаптардын жетишкендиктери улуттук илим менен инновациянын чоң потенциалын тастыктап жатканын айтып, бул долбоор илим, бизнес жана мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтөрүнө ишеним билдирди.
Иш-чарага министрликтин, бизнес коомчулугунун, технологиялык инкубаторлордун, стартаптардын өкүлдөрү жана инновациялык экосистеманын адистери катышууда. Программанын эксперттери катары CLDPнин улук адиси Джеймс Филлипи, Корнелл университетинин профессору Ричард Кахун жана технологияларды коммерциялаштыруу боюнча белгилүү адис Луис Уолсер чакырылган.
Окутуунун алгачкы күнү технологияларды трансферттөө кеңселерин башкаруу, иштеп чыгуулардын коммерциялык потенциалын баалоо, эл аралык патенттөө жана лицензиялоо маселелерине арналып, интерактивдүү форматта, эл аралык тажрыйбаларды талдоо менен өттү. Ал эми кийинки күндөрү кыргызстандык стартаптар өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун чет элдик эксперттерге тааныштырып, инвестиция тартуу, бизнес-моделдерди жакшыртуу жана эл аралык рынокко чыгуу боюнча жеке кеңештерди ала алышат.
А.К., «КБ»




Комментарийлер