ИНДОНЕЗИЯДА ҮЧ АЙ АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

  • 04.02.2020
  • 0

Индонезия мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги искусство жана маданият тармагы боюнча билим алуучулар үчүн стипендиялык программасын жарыялайт.

Окутуу 2020-жылдын 2-майынан 15-августка чейин Индонезиянын искусство жана маданият борборлорунун биринде өтөт. Алар: Бали, Батыш Суматра, Чыгыш Калимантан, Батыш Ява, Түштүк Сулавеси жана Жокьякарта.

Стипендиянттар бир жума жашагандан кийин алардын кызыгуусуна жараша арт-борборлорго бөлүштүрүлөт. Бардык борборлордо Индонезия маданияты жана искусствосу менен тааныштырат. Ошону менен бирге айрым курстар айырмаланат. Мисалы, Батыш Явада салттуу батик кездемесин даярдоо жараянын жана Ява бийин үйрөнүшөт. А Балиде болсо – Бали бийин жана гамелан улуттук оркестрин. Программанын акырында бардык катышуучулар маданият жана искусство кечесине катышат.

Стипендиялык программа төмөндөгү чыгашаларды көтөрөт:

  • Окутуу акысын, класстардын сырткары иш-чаралар;
  • Эки тарапка авибилет;
  • Жатакана жана тамак-аш;
  • Медициналык камсыздандыруу (чектелген), ар бир катышуучуга жеке медициналык камсыздандыруу алуу сунушталат;
  • Жергиликтүү транспорт;
  • Ай сайын 2 000 000 рупий стипендия.

Талаптар:

  • 21 жаштан 27 жашка чейин;
  • Үй-бүлөлүү болбошу керек;
  • Орто билим;
  • Англис тилин билүү зарыл;
  • Индонезия маданият жана искусствосун үйрөнүүгө  басып койгон жана Индонезия тилин (минималдык деңгээлде) билгендерге артыкчылык берилет.

Сынакка катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди бериши керек:

  • Мотивациялык кат;
  • Паспорт өлчөмүндөгү кызыл фонго түшкөн эки сүрөт:
  • Жарактуу мөөнөтү эки жылдан кем болбогон жалпы жарандык паспортунун фотокөчүрмөсү
  • Академиялык дипломунун фотокөчүрмөсү;
  • Акыркы алынган медициналык справканын фотокөчүрмөсү;
  • Сунуштама каты;
  • Программанын шарттарына макулдугун берген арыз:

Стипендиялык программа боюнча кенири маалыматты жана анкетаны бул шилтемеден жүктөп алсаңыз болот: https://edu.gov.kg/kg/news/otkryta-stipendialnaya-programma-dlya-obucheniya-v-indonezii/

Катышуучулар толтурулган билдирмени 12-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер