ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 17.11.2022
  • 0

2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий-техникалык кеңеши Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун жетекчилиги алдында өттү.

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Аталган жыйынга министрликтин Илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, ушул эле бөлүмдүн башкы адиси Айнура Исираилова, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин инвестиция жана өнүктүрүү боюнча проректору, т.и.д., профессор Бекжан Төрөбеков, Ж. Баласагын атындагы улуттук университетинин “Жалпы тарых” кафедрасынын башчысы, т.и.д., профессор Айнура Арзыматова ж.б. катышышты.

Жыйында Илим бөлүмүнүн буга чейин өткөргөн тегерек столдордун жыйынтыгындагы материалдардын негизинде илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, мамлекеттик органдардан жана жогорку окуу жайлардан Илимий-техникалык кеңештин кароосуна келип түшкөн илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштердин темаларынын актуалдуулугу, илимий жаңычылдыгы, сапаты жана экономикалык натыйжалуулугу талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер