ИЛИМИЙ ДАРАЖАЛАР ҮЧҮН ҮСТӨК ТӨЛӨМ ҮЧ ЭСЕ КӨБӨЙДҮ

  • 04.03.2018
  • 0

Премьер-министр Сапар Исаков  Кыргызстанда илимий даражалар  үчүн үстөк суммасын үч эсеге жогорулатуу жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Токтомго ылайык, негизги иштеген жери боюнча илимий-педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасы төмөнкүдөй белгиленет:

  — илим кандидаты илимий даражасы үчүн — 900 сом өлчөмүндө;

  — илим доктору илимий даражасы үчүн – 1800 сом өлчөмүндө.

Мындан мурда илим кандидаты илимий даражасы үчүн ай сайын каралган үстөктүн суммасы – 300 сомду, ал эми илим доктору илимий даражасы үчүн 600 сомду түзгөн.

Бул чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, анын аброюн жогорулатуу жана илимий-педагогикалык кадрларды колдоого алуу максатында кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер