“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

  • 11.05.2023
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы  тандалып алынган 50 пилоттук мектептер менен ишке ашырыла башталды.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ АЙМАКТАРДА УЛАНАТ

Долбоордун максаты — өспүрүмдөрдү илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп үйрөтүүгө шарт түзүү.

— “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы эки жылга созулат. Бул аралыкта мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, гендердик-багыттоочу билим берүүнү интеграциялоодо жүргүзүлгөн билим берүү реформаларына сереп салуу, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, аларды «тең-теңге» мамилелерин насаатчылыкты жана устатчылыкты колдонуу менен татыктуу жумуш орундарын тандоо жана STEM тармагында карьера куруу үчүн жагымдуу шарттарды  түзүүгө багыт берүү үчүн иштер аткарылмакчы, — дейт фонддун директорунун милдетин аткаруучу Д.Кендирбаева.

2023-жылдын 12-майында Бишкек шаарындагы Хаят мейманканасында ѳнѳктѳштѳр менен биргеликте долбоордун презентациясы өтөт. Иш-чарага долбоордун өнөктөштөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, пилоттук аймактардын облустук, райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мектеп директорлору, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин ишин тейлеген райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери,  жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын максаттары менен таанышат.

Окурмандардын эсине сала кетсек,  2020-2022-жылдары ишке ашкан “Илимдеги кыздар” долбоорунун биринчи фазасынын алкагында 81 пилоттук мектептер менен (Бишкек,Чүй, Ош жана Кара-Суу) иш-чаралар натыйжалуу аяктаган.

— Ош жана Бишкек шаарындагы “СЕКОМ” окуу борборунда жалпысынан 444 кыз долбоордун каржылоосу менен Жалпы республикалык тестирлөөгө үч ай даярдалды. Жыйынтыгында, кыздарыбыз 100% жогорку окуу жайларга ѳтүштү, 66 % STEM тармагындагы адистиктерди тандашты, 34% гуманитардык багытка тапшырышты, алардын ичинен 12 кыз чет ѳлкѳдѳгү жогорку окуу жайларга ѳтүштү. Долбоордун дагы бир максатты — 7-10-класста окуган 2600 кызды насаатчылык программасынан ѳткѳрүү эле, жыйынтыгында Кыргызстанда атактуу жана ийгиликтүү тажрыйбасы бар, аны менен бѳлүшүүгѳ жѳндѳмдүү, айрыкча, технология, илим жана креативдик индустрия жаатында эмгектенип жаткан 217 айым-ментор 2772 менти кыздарды насаатчылык программасынан ѳткѳрүп бүтүштү. Беш ай бою устаттар ѳз убакыттарын тартуулап, конструктивдүү кеңештерин берип, кесип тандоодо баалуу малыматтар менен бѳлүшүп, багыт берип, колдоп, шыктандырып келишти, — дейт долбоордун координатору Р.Кайыкова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер