ИЛИМ ТИЛИБИЗ НУСКА, КЫСКА БОЛСУН

  • 14.10.2022
  • 0

Кыргызстан эгемен мамлекет болгонунан баштап, кыргыз тилин өнүктүрүү жөнүндө көп сөз айтылды. Тилекке каршы, кабыл алынган токтомдор жана башка чараларга карабастан, жыйынтык өтө начар. Мындай жагдайдын себептери эмнеде?

Мүмкүн негиздер начар? Албетте, андай эмес. Океан сымал Манасты жараткан тил чексиз бай. Бирок анын байлыгын кээ бир учурларда биз туура колдоно албай келе жатабыз.

Ар бир жандуу нерседей эле, тил да өнүгүш үчүн өзүнө дайым жаңы сөздөрдү кошуп турушу керек. Биздин оюбуз боюнча, заманбап илимий кыргыз тил мезгил талаптарына дал келет деп айтыш кыйын. Мүчүлүштүктөр өтө көп. Алардан кутулуш үчүн себептерин талдап, жойгонго аракеттениш керек. Негизги максат, багыт: тил нуска, кыска болуш керекИЛИМ ТИЛИБИЗ НУСКА, КЫСКА БОЛСУН

Интернеттен алынган орус тилиндеги макаладан баштайлы.

«При анализе второй мировой войны, американские военные историки обнаружили очень интересный факт. А именно, при внезапном столкновении с силами японцев американцы, как правило, гораздо быстрее принимали решения и, как следствие, побеждали даже превосходящие силы противника. Исследовав данную закономерность, ученые пришли к выводу, что средняя длина слова у американцев составляет 5,2 символа, тогда как у японцев 10,8, следовательно, на отдачу приказов уходит на 56 % меньше времени, что в коротком бою играет немаловажную роль.

Ради «интереса» они проанализировали русскую речь и оказалось, что длина слова в русском языке составляет 7,2 символа на слово (в среднем), однако при критических ситуациях русско-язычный командный состав переходит на ненормативную лексику, и длина слова сокращается до (!) 3,2 символов в слове. Это связано с тем, что некоторые словосочетания и даже фразы заменяются ОДНИМ словом.

Для примера приводится фраза: «32-ой ё#ни по этому х@ю», что означает «32-ой приказываю немедленно уничтожить вражеский танк, ведущий огонь по нашим позициям».

Заманбап кыргыз илими орус илиминен башталган. Муну таныш кыйын. Ошондуктан орус элине рахмат айтыш керек. Бирок илим сөздөр кээ бир учурларда орусчадан начар өздөштүрүлүп калган. Кемчиликтердин негизги түрлөрүн талдоону, мисалдан баштайлы.

Умут и Ко фирмасы саткан «пастеризацияланган» сүттү баарыңар эле көрсөңөр керек. Белгиленген сөздү айтып бүткөнчө, чарчаса болот. Бул учурда: «Сөз ушундай болсо, эмне кыла алабыз» — деп айтсак да болот. Бирок алыстабай туруп, ошол эле кутучадагы (тетрапактагы) казакча текстти карасак, «пастерленген» деп жазылып турат. Бул сөз алты тамгага кыскараак! Мындай мисалдарды, баарыбыз эле ондоп айта алабыз. Алардын жалпы жери: мындай сөздөрдү орус тили өз маалында орусчалап, дээрлик Европа тилдеринен алган. Ошондо, system — система, problem — проблема болуп калган. Мындай өздөштүрүү орус тилинин маңызына туура келип, «системы», «систему» жана ушу сыяктуу «проблемы», «проблему» деген сөздөрдү, ашыкча тамгаларды кошпой жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми кыргыз тилдин эрежелери башка болгондуктан, бул сөздөрдү орус тилинен түздөн-түз алганда, системалар, системаны, проблемалар, проблеманы деп узартып айтыш керек болот. Жогоруда келтирилген сөз, «пастеризация», орусчага pasteurization деген сөздөн кирген. Биз болсо орусча вариантын эч өзгөртпөй, үстүнө тамгаларды кошуп салганбыз. Демек, ортомчу тилдин көзүн карабай, түздөн-түз которсок, абал оңолот деп ишенебиз.

Баса белгилей кетчү нерсе, кеп орус тилинде эмес, кеп биз аны туура эмес колдонгонубузда. Айтылган учурларда чечим өтө оңой: проблема, система дебей, проблем, систем деп айтыш жетиштүү. Ошондо «проблемалардын системасы» дебей, «проблемдер системи» деп айта алабыз.

Туура  эмес, анда «проблемдердин системи» деп айтылыш керек деген пикир да болушу мүмкүн. Бул дагы бир мүчүлүштүк. Тилибиздин негизги, нукура сөздөрүн атап: «Кол, баш, үй, нан, таш, …» — алар өтө кыска экендигине ынанабыз. Ошондуктан алардан жаралган сөздөр кошумча тамгаларды талап кылышат: «Колдон, баштар, үйдүкү, нандуу, ташсыз, …». Бул жагдайда тиешелүү сүйлөмдөр өтө узун болуп калышы мүмкүн болчу. Бирок акылман тилибиз абдан туура чечим тапкан: сүйлөмдүн үлүштөрүн бир-бирине дал келтириш үчүн сөз туюнтмасынын акыркы сөзүн кана колдонушу жетиштүү. Ошондо «алтындан жасалган ачкыч» эмес «алтын ачкыч» болуп калат. Салыштырма катары, орус тилинде «золотой ключ». Кызык нерсе, мындай сүйлөм түзүлүш кыргыз тилинен башка тилдерде да бар. Мисалы, англис тилинде. Мындай тил түзүлүштүн негизинде, орус тилинин эрежелери ылайык «фирманын инвестициялык стратегиясы», «райондук администрациясынын специалисти» дебей, «фирмдин инвест стратежиси», «район админинин специ» деп айтыш жетиштүү.

«Админ специ» деген сүйлөм кулакка кызык угулса керек. Бул биздин сунуш. Башка булар сыяктуу, көп узун сөздөр башка тилдерден келген. Мындай учурларда адистер кеңешип, сөздөрдүн маанисин сактап, аларды кыскартса абдан туура болмок. Анда «алгебралык теңдеменин коэффициенттери» деген сүйлөм, дээрлик, бардыгыбызга түшүнүктүү, бирок бир далай кыскараак «алжебр теңдеменин коэфтери» болуп калышы мүмкүн.

Мындай тилдеги өзгөрүүлөр кабыл алынса, баштапкы мезгилде сөздөрдүн ар кандай түрдө жазылышына мүмкүндүк бериш туура болот: системасы – системи, инвестициялык саясат – инвест саясат, ж.б. Бара-бара убакыт өткөнгө жараша, тилге көбүрөөк ылайык келген сөздөр жана сүйлөмдөр электенип, калып калат.

Келтирилген сунуштар сөз жана сүйлөмдөрдү кыскартууга багытталган. Алардын нускалуу болушу да абдан маанилүү. Бул багытта, адистердин салымы орчундуу боло алат. Мисал катары, негизги экономика түшүнүктөрүнүн арасында: киреше (доходы), чыгаша (расходы), пайда (прибыль) жана зыян (убыток) сөздөрү бар.  Бирок «зыян» деген сөз бул учурда туура эмес. «Чыгым» сөзү туура болот. Элестеткиле: «Шаарды таштандылардан тазалоо долбоору зыяндуу» болбойт. Ал «чыгымдуу».

Айта кетүүчү нерсе. Көп учурларда, так эместик баштапкы термин орус тилине так эмес которулгандан келип чыккан. Экономикада «marginal revenue» жана ал сыяктуу «marginal» деген сөздү камтыган сүйлөмдөр кеңири колдонулат. Бул сөз орус тилине «предельный» деп, маанисинен алыс которулуп калган. Андан кыргызча «акыркы чеги» пайда болгон. Ошентип, «кирешенин акыркы чеги» деген сүйлөм экономика китептеринде кездешип жүрөт. Аныктамага кайрылсак, бул түшүнүк товардын кошумча бирдиги сатылганда, киреше канчага өзгөргөнүн көрсөтөт. Биздин оюбузча, бул учурда «кирешенин акыркы чеги» деп айтыш тап такыр туура эмес. Мүмкүн «кошулма киреше» туура болот.

Кыскача жыйынтыктасак, кыргыз тилине жаңы кирип жаткан терминдер нуска жана кыска болуш керек. Маанисин так түшүндүргөн кыргыз сөздөр мүмкүн болгон учурларда колдонулуш керек. Мисалы, «акция» деген сөз дүйнөлүк илим тили болгон англис тилинде «share». Ал түздөн-түз «үлүш» деп которулат. Бул учурда мааниси да түшүнүктүү. Баалуу кагаздардын дагы бири, орус тилинде «облигация». Ал англис тилинде «bond». Мүмкүн бул учурда, бонд деген кыска сөздү кыргыз тилине киргизип, маанисин аныктама аркылуу түшүндүрүш туура болор. Дагы бир сунуш. Ар бир тармакта кийинки жылдарда тилге кирип калган, өтө узун сөздөр бар. Аларды адистер карап чыгып, маанисин сактап, кыргыз тилинин эрежелерине жараша кыскартса туура болот. Мисалы, оюбузга жараша «окуянын ыктымалдыгы» дегендин ордуна «окуянын ыктымы» деп киргизсек, кийинки муундагы окуучулар жана мугалимдер бизге ыраазы болот.

С.Кыдыралиев,  Т.Камчыбеков,  Г. Супаева

Бөлүшүү

Комментарийлер