ИЛИМ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ИНТЕГРАЦИЯЛОО КЕРЕК

  • 27.08.2021
  • 0

27-августта КР Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жолугушууда КР Министрлер кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, КР Улуттук илимдер академиясынын жана КР Жогорку аттестациялоо комиссиясынын жетекчилери илим, интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү ведомстволор аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Жолугушууну алып барган КР билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева илим жаатында өз ара аракеттенүү максатында түзүм жетекчилерин интеграциялоо зарылчылыгын белгиледи.

Катышуучулар түзүмдөр аралык кызматташтык маселелери, анын ичинде 2022-2025-жж. интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы улуттук стратегияны иштеп чыгып, кабыл алуу, жаш окумуштуулардын илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүн илгерилетүү боюнча биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-изилдөө мекемелерин каржылоо механизмин өркүндөтүү, студенттердин илимий-изилдөөчүлүк жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө интеграциялоого багытталган билим берүү процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды ишке ашыруунун жол картасын илгерилетүү маселелерин карап чыгышты.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, өлкөдөгү илимий жана инновациялык өсүшкө өбөлгө түзө турган резолюция кабыл алышты.

ИЛИМ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ИНТЕГРАЦИЯЛОО КЕРЕК

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер