ИЙГИЛИК ЖОЛУ ИШЕНИЧТЕН ЖАНА АРАКЕТТЕН БАШТАЛАТ!

  • 19.02.2019
  • 0

Исфана шаарынын Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин «Ийгилик жолу» жаштар клубу райондук масштабда «Ийгилик жолу» аттуу интеллектуалдык оюнду үч тур менен жогорку деңгээлде өткөрдү.

ИЙГИЛИК ЖОЛУ ИШЕНИЧТЕН ЖАНА АРАКЕТТЕН БАШТАЛАТ!

Район аймагындагы мектептерден келген 15 команда активдүү катышты. Финалдык беттеште 1-орунду Таир Жолдошев мектебинин «Эверест», 2-орунду А.Навои атындагы орто мектебинин «Навои», 3-орунду Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин «KG», 4-орунду №2 гимназиянын «Ийгилик» командасы ээлеп, грамота жана сертификат, баалуу белектер менен сыйланды.

ИЙГИЛИК ЖОЛУ ИШЕНИЧТЕН ЖАНА АРАКЕТТЕН БАШТАЛАТ!

— 15 команданын 65 оюнчусунун ичинен «Эң мыкты оюнчу» наамына Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Акылбек кызы Айгерим ээ болду. Китеп, грамота, сертификат тапшырылды. 1-4-орунду камсыздаган командалар 20-февралда Баткен шаарында өтүлүүчү облустук турга жолдомо алышты. Финалга өткөн төрт командага ийгилик каалайбыз. Эмне дейбиз: «Дос тапкың келсе эмгектен, Издегин аны Лейлектен», — дейт Жеңишбек Абдиназаров.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер