И.РАЗЗАКОВ ЭСКЕРИЛДИ

  • 20.03.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер И.Раззаковдун курман болгонуна 45 жыл толгондугуна арналган эскерүү митинги жана Ала-Арча көрүстөнүндө куран окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

И.РАЗЗАКОВ ЭСКЕРИЛДИ

Эскерүү митингге Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары-стратегиялык пландоо жана реформаларга талдоо бөлүмүнүн башчысы, т.и.д.  О.Э.Капалбаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Л.А.Самыкбаева жана И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери катышты.

И.РАЗЗАКОВ ЭСКЕРИЛДИ

Иш-чарада И. Раззаковдун өзүнүн жумушуна тактыгын, жүрүм-турумун, Ата-Мекенге кызмат кылуусу менен көпчүлүккө таанылгандыгын, улуттун сыймыгына арзыгандыгы жөнүндө баса белгилеп, айтылды. Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкондугу, ошол учурда завод-фабрикалардын ишке киргендиги тууралуу студенттерге кенен маалымат берилди.

И.РАЗЗАКОВ ЭСКЕРИЛДИ

И.Раззаковдун өмүр таржымалы, ишмердүүлүгү, сыйлыктары тууралуу «ИЛГИР» чыгармачыл жаштар уюму кыскача баяндама жасады. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары А.Кадырбердиев куран окуп, окуу жайдагы эстелигине гүлчамбар коюлду.   Иш-чараны утурлай, республикалык Раззаков фондунун жана Алим Токторовдун «И.Раззаков» телефильми көрсөтүлдү.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер