И.БИЙБОСУНОВ АТЫНДАГЫ КАРАКОЛ ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
- 28.05.2021
- 0
2021-2022-окуу жылына күндүзгү бюджеттик, контракттык негизде жана сырттан окуу бөлүмүнө төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алууну жарыялайт:
- Чет тили контракттык негизде (050303)
- Дене тарбия бюджеттик жана контракттык негизде (050721)
- Компьютердик системада программалоо контракттык негизде (230111)
- Башталгыч класстарда окутуу бюджеттик жана контракттык негизде (050709):
> англис тили багытында кошумча даярдык менен;
> информатика багытында кошумча даярдык менен;
> дене тарбия багытында кошумча даярдык менен;
> мектепке чейинки тарбиялоо багытында кошумча даярдык менен;
> көркөм сүрөт искусствосу жана технология багытында кошумча даярдык менен;
> орус тили багытында кошумча даярдык менен.
Окуу мөөнөтү:
2 жыл 10 ай — негизги мектептин базасында (9-класс);
1 жыл 10 ай — жалпы орто мектептин базасында (11-класс);
Сырттан окуу бөлүмүндө жалпы орто мектептин базасында (11-класс)
– 2 жыл 6 ай.
Педагогикалык окуу жайына кабыл алуу жарандардын жеке арызы боюнча жүргүзүлөт.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- Билими тууралуу документ (түп нускасы);
- Медициналык
справка №086-У формасында; - 3×4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
- Паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү).
Документтерди кабыл алуу
2021-жылдын 25-июнунан 25-августуна чейин жүргүзүлөт.
Комментарийлер