И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

  • 24.05.2021
  • 0

Өткөн кылымдын орто ченинде түптөлгөн алдыңкы окуу жайлардын бири. Ордо шаарыбыздын борборунда жайгашкан университеттин учур талабына жооп бере турган алты окуу имараты бар. Университетте 1000ге жакын профессордук-окутуучулар курамы, алардын ичинде 300дөн ашуун илимдин докторлору жана кандидаттары, академиктер менен мүчө-корреспонденттер ийгиликтүү эмгектенишет. Азыр университетте 15 000ге жакын студент билим алууда. 254 докторант жана аспирант квалификациясын жогорулатууда.

КМУ магистрдик программаны өнүктүрүүнү максат кылат. Азыркы күндө 934 магистрант окуп жатат.

Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү билим берүүчү окуу жайларынын, мамлекеттик мекемелердин, илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, жеке менчик ишканалардын жана  башка   тармактардын алдыңкы кызматкерлери катары өз билимдерин практикада үзүрлүү пайдаланып келишүүдө. 

                            

Академиялык турмуш

Университет жогорку квалификациялуу адистерди: бакалавр, магистр, аспирант, докторанттарды  даярдайт. Университетте 79 багыт боюнча окутуунун төмөндөгүдөй формалары бар:

  • Күндүзгү окутуу — окуу мөөнөтү: бакалавр — 4 жыл, магистр – күндүзгү — 2 жыл, сырттан — 2,5 жыл;
  • Сырттан — дистанттык — окуу мөөнөтү — 5 жыл;
  • Колледж;
  • Гимназия-Лицей.

КР ББИМнин буйругу менен КМУнун алдында педагогикалык билим берүү багытындагы окуу-методикалык бирикме иштейт, бакалавр жана магистр программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандарты түзүлгөн.

                  Эл аралык турмушу

2011-жылы ректор Т. А. Абдырахманов Италияда университеттердин УЛУУ ХАРТИЯ макулдашуусуна кол койгон, бул макулдашуунун  негизинде биздин диплом менен чет өлкөдөн билимин улантууга мүмкүнчүлүк бар. Университеттин дүйнөнүн 50дөн ашуун алдыңкы ЖОЖдору менен эки тараптуу келишимдери бар, ошондой эле университет ШКУ (ШОС) университетинин  “Педагогика” багыты боюнча мүчөсү.

КМУ чет өлкөдөн келип окуган студенттердин саны боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ичинде алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Бүгүнкү күндө университетте 883 чет өлкөлүк студент билим алат. Ошол эле мезгилде биздин университеттин студенттери  Россияда, Кытайда, Японияда, Германияда, Францияда, Иранда, Түштүк Кореяда, Түркияда, Египетте билим алууда.

 

Илим изилдөө иштери

Университетте окуу процессинен сырткары  сапаттуу илим изилдөө иштери жүргүзүлөт. Жаңы техника менен жабдылган 20дан ашык лабораториялар, глобалдык интернетке туташтырылган компьютер, мультимедиялык класстар иштейт.

Университеттин илимий китепканасы биздин чоң сыймыгыбыз. Анда маалыматтык борбор, миллиондон ашуун китеп фонду, автоматташтырылган библиотекалык комплекс менен коштолгон интернет зал, электрондук каталогго эркин чыгуучу интернет база жайгашкан.

                       

Жаштар саясаты жана спорт

Университеттин жогорку деңгээлдеги спорттук базасы: 2 спорт залы, күрөш, бокс, чыгыш күрөшү, шейпинг, тренажер залдары, кичи стадиондор жана теннис корту, футбол ж.б спорттук аянттары бар.

Университеттин тандалма командалары ЖОЖдор аралык мелдештерге активдүү катышып, эң мыкты  командалардын катарында жүрөт. Биздин студенттер Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөсү катары эл аралык мелдештерде республиканын намысын коргоп, даңкын чыгарып келе жатышат.  КМУнун базасында профессионалдык волейбол клубу да негизделген.

 

Маданий-массалык иштер

Студенттер университеттеги уюштурулган ийрим, студия, клуб жана КВНге активдүү катышып, өздөрүнүн билимин, дүйнө таанымдарын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Университетте конкурстар, фестивалдар жана студенттик уюмдардын өздүк көркөм кароо сынактары ар дайым өткөрүлүп турат.

                 

 Студенттерге каралган шарттар

  • Бишкек шаарында турак-жайы жок студенттер үчүн жатакана берилет.
  • Мыкты окуган активдүү студенттерге, томолой жетим жана майыптарга окуу төлөмдөрүнө жеңилдиктер берилет.
  • Мыкты окуган студенттер (балдар үчүн) аскер кафедрасында даярдыктан өтүүгө мүмкүндүк алышат.

 

               Урматтуу  бүтүрүүчүлөр  жана  абитуриенттер!

Сиздерди И. Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар курамынын жана  жалпы жамаатынын  атынан  мектепти  ийгиликтүү аяктап, турмуш  жолуна  аттанышыңыздар менен чын  дилимден куттуктайм!

Турмуш жолунда  кесипти  туура  тандоо эң  маанилүү. Кесипти  заман  талабына  ылайык тандап,  коомдун  шартына туура келген  адистикке ээ болуу көп  ойлонууну, аң-сезимдүүлүктү талап  кылат.

Биздин  университеттин,  жогорку  квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы  сиздердин  мыкты адис болушуңуздарга  көмөктөшөт.

Урматтуу абитуриенттер! Сиздерди биздин университеттин студенттеринин катарынан көрөбүз деген ишеничтебиз. Ар бириңиздерге бул атаандаштыктагы ийгиликтерди каалайм.

                                   И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ                                               Төлөбек Абдырахманов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору

 

И.АРАБАЕВ  АТЫНДАГЫ  КЫРГЫЗ  МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ  2021-2022- ОКУУ ЖЫЛЫНА  АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ  ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Мамлекеттик  тил жана  маданият  институту:

             (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Кыргыз тили  жана адабияты;
  • Мамлекеттик тил  кыргыз  тилинде  окубаган билим берүү мекемелеринде;
  • Журналистика;
  • Котормо жана  котормо таануу; күндүзгү
  • Китепкана таануу жана документ таануу.

Манас таануу жана лингвистика институту:                     

           (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Манас таануу:  күндүзгү/сырттан-дистанттык;
  • Лингвистика (кыргыз, англис, немец, кытай тилдери); күндүзгү
  • Филологиялык билим берүү (Англис жана немец тили); күндүзгү
  • Компьютердик лингвистика: күндүзгү

Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту:

Атайын орто жана жогорку билимдин базасында сырттан жана дистанттык окутуу:

  • Табигый-математикалык багыт:
    • Биология; — Математика;
    • Информатика; — География;
    • Көркөм өнөр искусствосу.
  • Гуманитардык багыт:
  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Орус тили жана адабияты;
  • Тарых; — Социалдык кызматкер;
  • Мекеменин менеджменти;
    • Китепкана жана документ таануу.
  • Психолого-педагогикалык багыт:
  • Мектепке чейинки билим берүү;
  • Башталгыч билим берүү; — Логопедия.

Экономика  жана  менеджмент  институту:

  • Менеджмент; күндүзгү/сырттан-дистанттык
  • Экономика; күндүзгү/сырттан-дистанттык
  • Бизнес-информатика; күндүзгү/сырттан-дистанттык

Япон таануу  институту:

  • Аймак таануу; күндүзгү
  • Мейманкана иши; күндүзгү
  • Социалдык иш (Колледж 9-кл. базасында)

Биология жана химия факультети:

  • Биология; күндүзгү/сырттан-дистанттык
  • Химия. күндүзгү/сырттан-дистанттык

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети:

  • Коомчулук менен байланыш-Жарнама; күндүзгү/сырттан-дистанттык
  • Аймак таануу; күндүзгү

*Кытай тили              *Перс тили

*Япон тили                *Корей тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили 

  • Эл аралык мамилелер; күндүзгү

*Кытай тили              *Перс тили

*Япон тили                *Корей тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили                                                  

  • Журналистика; күндүзгү/сырттан-дистанттык

*Кытай тили              *Корей тили

*Япон тили                *Англис тили

  • Филология; күндүзгү

*Кытай тили              *Корей тили

*Япон тили                *Перс тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили

  • Которуу жана котормо таануу; күндүзгү

*Кытай тили             *Япон тили

*Корей тили              *Перс тили

*Араб тили                *Түрк тили

*Англис тили

География, экология жана туризм факультети:

   (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • География; — Сервис;        — Туризм;
  • Экология жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу.

Гуманитардык билим берүү  факультети:                

             (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Орус тили жана адабияты;
  • Теология;     — Психология;
  • Салык жана салык жыйноо;
  • Мамлекеттик муниципалдык башкаруу.

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү   факультети:

            (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых, коом таануу, укук

таануу, дин таануу);

  • Социалдык кызмат (укук коргоо, жаштар менен иш жүргүзүү).

Педагогика факультети:  (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Башталгыч билим берүү;   — Социалдык педагогика;
  • Мектепке чейинки билим  берүү;     — Логопедия;
  • Сурдопедагогика; — Олигофренопедагогика.

Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети(күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Математика; — Физика;
  • Информатика;  — Колдонмо информатика.
  • Информатика жана эсептөө техникасы;
  • Маалыматтык системалар жана технологиялар;
  • Программалык инженерия.

Көркөм  маданият   жана  билим  берүү  факультети:

              (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Көркөм сүрөт жана музыка бөлүмү;
  • Дизайн; күндүзгү
  • Адистик окутуу;
  • Костюм жана текстил искусствосу;
  • Технологиялык билим берүү.

 

Дене тарбия бөлүмү:

 (күндүзгү/сырттан)

  • Дене тарбия мугалими.

 

                                      МАГИСТРАТУРА:

                        (күндүзгү/сырттан-дистанттык)

  • Филологиялык билим берүү;
  • Филология;
  • Биология;
  • Педагогика;
  • Аймак таануу;
  • Менеджмент;
  • Психология;
  • Социалдык – экономикалык жана гуманитардык билим берүү;
  • Физика-математикалык билим берүү;
  • Табигый билим берүү;     — Теология;
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу;
  • Компьютердик лингвистика;
  • Социалдык иш;   — Экономика;
  • Колдонмо информатика;
  • Технологиялык билим берүү;
  • Көркөм билим берүү.

                                            

                              ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ:

 

  • Мектепке чейинки билим берүү; күндүзгү/сырттан
  • Башталгыч билим берүү; күндүзгү/сырттан
  • Чет тили;
  • Башталгыч билим берүүдө коррекциялоочу педагогика;
  • Мектепке чейинки атайын билим берүү.

 

                         ГУМАНИТАРДЫК КОЛЛЕДЖ:

  • Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу; күндүзгү/сырттан
  • Экономика, бухгалтердик эсеп; күндүзгү/сырттан
  • Тигүү буюмдарын моделдештирүү тутумун башкаруу ;
  • Маалыматтарды автоматташтыруу тутумун башкаруу;
  • Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо; күндүзгү/сырттан
  • Колдонмо информатика;
  • Кесиптик окутуу;
  • Дизайн;
  • Салык жана салык жыйноо; күндүзгү/сырттан
  • Туризм; күндүзгү/сырттан
  • Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо.

 

                        ГИМНАЗИЯ-ЛИЦЕЙЛЕР

  • Дүйнөлүк тилдер гимназиясы – күндүзгү
  • География, экология жана туризм лицейи – күндүзгү

 

Окууга  тапшырууга төмөнкү   документтер талап кылынат:

  • Ректордун наамына    арыз;
  • Паспорт же туулганы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Окууну бүткөндүгүн күбөлөндүргөн аттестаттын же дипломдун түп нускасы;
  • Окуучунун өздүк китепчеси (лицей үчүн);
  • Жашаган жеринен маалымдама (лицей үчүн);
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;

Документтерди өткөрүүдө абитуриент паспортун же аны күбөлөндүргөн документти, аскер жашындагылар аскердик билетин көрсөтөт.

                     Университеттин Дареги:                  

                     720020,  Бишкек шаары,  Раззаков көч. 51.

                        И. Арабаев атындагы КМУ 

                       Тел.: 66-03-47; 62-31-52.

                      I.arabaev@mail.ru

     

Бөлүшүү

Комментарийлер