ГУЛИЙРА БЕЙШЕМБАЕВА:»ТАГДЫРЫМ БАЛА БАКЧАГА БАЙЛАНГАНЫНА БАКТЫЛУУМУН

  • 08.09.2023
  • 0

ГУЛИЙРА БЕЙШЕМБАЕВА:"ТАГДЫРЫМ БАЛА БАКЧАГА БАЙЛАНГАНЫНА БАКТЫЛУУМУН

КР Президенти С.Жапаровдун Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №3 “Ай-Данек” бала бакчасынын директору Гулийра Бейшембаевага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам ыйгарылды.

1976-жылдан бери педагогикалык тармакта иштеп келаткан Гулийра Бейшембаеванын эмгек жолу бала бакчага байланышканына туура 50 жылдын жүзү болду. Адегенде тарбиячы, андан соң орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеп жүрүп, кайра эле бала бакчаны тандап алган.

– Мектепке чейинки билим берүү – билим берүү түзүмүндөгү эң алгачкы жана эң маанилүү этап болуп эсептелет. Балада жети жашына чейин ой жүгүртүү, көңүл буруу, эс тутуму, сүйлөө речи калыптанат. Демек, андан ары канчалык деңгээлде өнүгүп-өсүүсү так ошол мектепке чейинки алган билиминен, көндүмдөрүнөн түздөн-түз көз каранды болот. Ушул маселенин маанилүүлүгүн Президент жана Билим берүү жана илим министрлиги эң туура баалап, эки жаштан жогорку балдарга мектепке чейинки билим берүүгө кенен жол ачып берип, колдоп жатат. Азыр мурда жетишпей келаткан бала бакчалар көбөйүп, тарбиячылардын эмгек акысы жогорулады. Болбосо, бала бакча тартыш болуп, балдарын бакчага орноштуруу ата-энелер үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратып келген, — дейт.

Гулийра Мукашевна Чолпон-Ата шаарындагы №3 “Ай-Данек” бала бакчасынын башчысы болуп иштеп келатканына 20 жылдан ашты. Бала бакчанын имараты башка бакчалар сыяктуу эле совет доорунда, тагыраак айтканда, 1969-жылы курулган эски бала бакчаларга кирет. Кайра куруу доору башталган 1990-жылдары өзүнө окшогон башка имараттар сыяктуу жеке менчикке өтүп кетүү коркунучунда да калган. Бирок бала бакча кызматкерлеринин, ата-энелердин күчү менен сакталып, ушул кезге чейин үзгүлтүксүз иштеп келатат. Ал мезгил аралыгында терезелери, жылытуу системасы жана суу түтүктөрү толугу менен алмаштырылды. Бакчанын кире беришине таманташтар төшөлүп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ушул жылы имараттын сырткы келбети жаңыланып, бөбөктөрдүн ойноо аянттары оңдолуп-түзөлүү иштери аткарылат.

— Заман талабынан калышпай, маалыматтык технологиялар менен толук камсыздалдык. Атап айтканда, эки компьютер, эки принтер, ноутбук, проектор, музыкалык жабдуулар менен жабдылды. Өзгөчө көңүлдү педагогдордун методикалык колдонмолор менен жогорку деңгээлде камсыздалышына бурабыз. Биздин бала бакчанын тарбиячылары базистик окуу программасы менен бирге ар түрдүү вариативдүү программаларды жигердүү колдонушат. Алар 2011-жылдан бери долбоорлор менен иштөө ыкмасын ийгиликтүү ишке ашырып келүүдө. Мисалы, “Мекеним Кыргызстан”, “Манас таануу”, “Бала бакчага ыйлабай барам”, “Топчулар дүйнөсү”, “Жөө жүргүнчүлөр – бөбөктөр” ж.б. долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө эмгектенип келет. Андан тышкары, райондук семинарларга активдүү катышып, кесиптештерибиз менен өзүбүздүн иш тажрыйбабызды, көндүмдөрдү бөлүшөбүз жана аны менен эле чектелбей, биздин бала бакчанын базасында ар түрдүү темаларды камтыган семинарларды байма-бай өткөрүп турабыз. Тарбиячыларыбыз райондук жана облустук деңгээлдеги таймаштарда бир нече жолу байгелүү орундарга ээ болду. Ушул жылы биздин жаш тарбиячыбыз Любовь Белова облустук “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагына катышып, Гран-Прини жеңип алды, — дейт ал сыймыктануу менен.

Тажрыйбалуу жетекчи өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлерине жасаган өзгөчө камкор мамилеси үчүндүр, эмгек жамаатында келди-кетти кадрлар дээрлик жокко эсе, алды 30 жылдан бери туруктуу иштеп келаткан өз кесибине берилген мыкты устаттар бар. Дилбара Жамбаева, Зинаида Смирнова, Гүлзат Амантурова, Любовь Белова сыяктуу өз кесибине жан дили менен берилген кызматкерлеринин жардамы менен бакчанын иши алдыга арымдап келатканы айтпаса да түшүнүктүү.

ГУЛИЙРА БЕЙШЕМБАЕВА:"ТАГДЫРЫМ БАЛА БАКЧАГА БАЙЛАНГАНЫНА БАКТЫЛУУМУН

– Мен бала бакча менен бирге өткөн өмүрүмө сыймыктанам жана өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Албетте, башка бардык тармактардай эле бизде алдыда чечиле турган көп маселелер бар. Мурдараак ондогон жылдар бою мектепке чейинки билим берүүгө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келгени чындык. Ошондон улам бала бакчага кезек күткөндөр көп болгон, айрыкча, шаарларда балдардын кезеги жетпей, бала бакчага баруу курактан өтүп, бакчага баруу деген эмне экенин билбей эле мектепке кабыл алынчу. Билим берүү тармагында акыркы жарым жылда эң чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Эгерде былтыртан баштап көптөгөн жаңы мектептер курулган болсо, быйыл жаңы бала бакчалар дембе-дем ачыла баштады. Биз социалдык тармактардан окуп, көрүп, кубануу менен колдоп жатабыз. Билим берүү тармагынын колдоочусунан сындоочусу көп болгон жана да боло берет көрүнөт. Канчалаган жаңы мектептер, анын кошумча имараттары, бала бакчалар ачылып жатканын көрбөй сындагандарга аябай таң калабыз. Мына, жаңы окуу жылында эле көп жаңы мектеп, бала бакчалар ачылды. Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында Бишкек шаарындагы эки райондо жеке менчик бала бакчаларды ачуу тажрыйбасы эми жер-жерлерге жайылууга тийиш деп ойлойм. Билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзамда жеке менчик бала бакча ачууга тоскоолдуктар жоюлду. Бул көптөгөн жаңы бала бакчалардын ачылышына жол ачат.

Билим берүү тармагында болуп жаткан ийгиликтерди белгилөө менен катар эле мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун квалификациясын жогорулатууга жетишерлик деңгээлде көңүл бурулбай келатканын белгилей кетким келет. Бизге ошондой эле музыкант мугалимдер, хореограф, логопед, дефектолог сыяктуу адистер жетишпейт. Тарбиячылардын жардамчылары сыяктуу кенже педагогикалык кызматкерлердин эмгек маянасынын төмөндүгү да көңүл бура турган орчундуу суроо деп ойлойм. Кечээ жакында эле өткөн Педагогдордун август кеңешмесинде кесиптештерим менен өз ара пикир алмашып олтуруп, мектеп директорлору менен бирге, биздин – бала бакча директорлорунун да эмгек акысын жогорулатууга мезгил жетти деген ойлорубузду айттык эле. Чындыгында бир тармакта болгондон кийин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгектери да көз жаздымда калбайт деп ишенебиз, — дейт Гулийра Бейшембаева.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер