ГАПЫР МАДАМИНОВДУН КИТЕБИ ТҮРК ЖАНА АНГЛИС ТИЛДЕРИНЕ КОТОРУЛДУ

  • 25.11.2020
  • 0

КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегин маданияты» китеби автордун уруксаты менен англис жана түрк тилдерине которулду. Китеп «Öğrenmeyi Öğrenmek» (Үйрөнүүнү үйрөнүү) деген ат менен кечээ, 24-ноябрда Англияда “CRAB PUBLİSHİNG” басмасынан электрондук китеп болуп жарык көргөн. Бул тууралуу Гапыр Мадаминовдун кызы Гүлсара Мадаминова билдирди.

ГАПЫР МАДАМИНОВДУН КИТЕБИ ТҮРК ЖАНА АНГЛИС ТИЛДЕРИНЕ КОТОРУЛДУ

«Акыл эмгегин маданияты» китеби окуучу жана студенттерге өз алдынча билим алуу жолдорун, өз ишмердүүлүгүн туура уюштурууну, убакытты үнөмдүү пайдаланууну, суроо берүү маданиятын, китеп тексти менен иштөөнү, окуп түшүнүүнү, негизгисин бөлүп алууну, чет тилдерди өз алдынча үйрөнүү методикаларын ж.б. үйрөнүүнү үйрөткөн бир канча темаларды камтыйт. Бул АЭМ сабагы №3-эксперименталдык гимназияда 20 жылдан ашык сабак катары окутулуп келет. Анын натыйжасында окуучулар жождорго бюджеттик орундарга окууга өтүп, чет өлкөлөрдө да акысыз билим алып келишүүдө”, — деди Г. Мадаминова.

Китепти түрк тилине которгон Ибрахим Түркхан: “Бул китеп кыргыз билим берүүсүнүн жана педагогикасынын чоң ийгилиги болуу менен бирге, түрк тилине которулган алгачкы жана жалгыз «өзүн-өзү өнүктүрүү» китеби болуу менен да өзгөчөлөнөт!”, — деп жазган.

Ал эми англис тилине которуу иштерин Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин мугалимдер жамааты ишке ашырган.

Нурзат Казыбекова, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер