ГАПЫР АГАЙДЫН МЕКТЕБИНДЕГИ ДАГЫ БИР СААМАЛЫК

  • 12.11.2021
  • 0

Устат мугалим Гапыр Мадаминов эмгектенген Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназияда ар бир чейректин мыкты мугалимдерин окуучулар тандашып, жалпы жыйында жарыя кылышат.

Бул саамалык бир жагы окуучуларды жаштайынан демократиялык принциптерге багыттап, аларды калыс жана адилет баалоого үйрөтсө, экинчи жагынан балдарга билим-тарбия берип жатышкан агай-эжейлерди чыгармачылык менен изденип иштөөгө шыктандырат.

— Окуучулардын тандоосуна ээ болгон мугалим сөзсүз бүгүнкүдөн эртең мыкты иштейт экен. Бул ишти колго алганыбызга үч-төрт жыл болду. Окуучуларга да, мугалимдерге да жакты, — дейт Гапыр агай.

Эми мыкты мугалимдерди тандаган ошол жыйынга кайрылалы.

— Окуучулардын тандоосуна ээ болгондон кийин жоопкерчилик артып, максаттар да бийиктей турганын азыр эле сезип турам. Мындан ары да ЖРТга даярдоону улантып, олимпиада, тест көрсөткүчтөрүн жакшыртууга аракеттенем, — дейт окуткан окуучуларынын «Биринчи чейректин мыктысы» медалына татыктуу болгон кыргыз тили жана адабият мугалими Жолматова Зулайка.

ГАПЫР АГАЙДЫН МЕКТЕБИНДЕГИ ДАГЫ БИР СААМАЛЫК

Бул күнү Жолматова Зулайка эженин катарында биология мугалими Анаркулова Нарбү, Айжигитова Марзия, Батыров Кочкор, предметтик ийрим мугалими Кубатова Гүлзире, ошондой эле эки класстын тандоосуна татыган Мадаминов Ислам өздөрү сабак берген класстардын окуучуларынан «Биринчи чейректин мыктысы» медалына ээ болушту.

— Биз «Биринчи чейректин мыктысы» деп Кубатова Гулзира эжени атадык. Эжей абдан жакшы түшүндүрөт. Кошумча китептен 500 гө жакын мисал-маселелерди иштегенге жетиштик. Үй тапшырмага 20-30 мисалдарды берип, аткарылышын текшерип турат, — дешет Гулзира эженин окуучулары.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер